Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы № 511-т тескемесине КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 10-апрели № 109-б
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-августундагы № 39-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун аэропортторунун расмий делегациялар залдарында тейленүүчү кызмат орундарынын жана адамдардын тизмеси:
төмөнкүдөй мазмундагы 15-1-пункт менен толукталсын:
"15-1. Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегия мүчөлөрү (Министрлер).";
37-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"37. Чет мамлекеттерде аккредитацияланган Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчилери, башкы консулдар, Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдардагы туруктуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрү.";
- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун аэропортторунун расмий делегациялар залында көрсөтүлгөн кызматтар үчүн акы төлөө боюнча нускамада:
2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегия мүчөлөрү (Министрлер);".
2. Ушул буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | С. Ш. Жээнбеков |