Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2016-жылдын 22-сентябры ПБ № 254
1. Кыргыз Республикасы менен Доминика Ынтымактыгы ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө биргелешкен коммюникенин долбоору жактырылсын.
2. Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлүнө жогоруда аталган Биргелешкен коммюникеге принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Ш.Атамбаев |
Долбоор
Кыргыз Республикасы менен Доминика Ынтымактыгы ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө БИРГИЛЕШКЕН КОММЮНИКЕ
Кыргыз Республикасы жана Доминика Ынтымактыгы,
эки мамлекеттин ортосундагы достукту жана кызматташууну бекемдөөгө жана өз ара түшүнүшүүгө көмөктөшүү ниетинде,
Бириккен Улуттар Уюмунун жана эл аралык укуктун принциптерине жана максаттарына, анын ичинде эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту бекемдөө, мамлекеттер ортосундагы теңдикти, улуттук эгемендик жана аймактык бүтүндүктү, көз карандысыздыкты, эл аралык келишимдерди тийиштүү деңгээлде урматтоо жана мамлекеттердин ички ишине кийлигишпөө принциптерин жетекчиликке алуу менен,
1961-жылдын 18-апрелиндеги Дипломатиялык байланыштар жөнүндө Вена конвенциясынын жана 1963-жылдын 24-апрелиндеги Консулдук байланыштар жөнүндө Вена конвенциясынын жоболоруна ылайык жана Бириккен Улуттар Уюмунун Уставында бекитилген принциптердин негизинде бул Биргелешкен коммюникеге кол коюлган күндөн тартып күчүнө кире турган дипломатиялык байланыштарды түзүүнү чечишти.
Ушуну ырастоо менен, тийиштүү мамлекеттер тарабынан тийиштүү деңгээлде ыйгарым укук берилген төмөндө кол койгон өкүлдөр кыргыз, орус жана англис тилдериндеги эки нускадагы Биргелешкен коммюникеге кол коюшту, анын бардык тексттери бирдей күчкө ээ. Бул Биргелешкен коммюникенин жоболорун чечмелөөдө каршы пикирлер жаралган учурда англис тилиндеги текст негиз катары кабыл алынат.
Нью-Йорк шаарында 2016-жылдын "___" - __________________ түзүлдү.
Кыргыз Республикасы үчүн |
| Доминика Ынтымактыгы үчүн |
___________________________ |
| _____________________________ |