Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 31-майы № 187-б
«220 кВ «Тамга-Каракол» жогорку чыңалуудагы линиясын куруу» долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин жана долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. «220 кВ «Тамга-Каракол» жогорку чыңалуудагы линиясын куруу» долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоону ишке ашырууга Араб экономикалык өнүктүрүү Кувейт фондунун 325 мин кувейт динары өлчөмүндөгү грантын кабыл алууну ырастоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Араб экономикалык өнүктүрүү Кувейт фондунун ортосундагы алмашуу катынын расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын,
2. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасына принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен ушул буйруктун 1 -пунктунда аталган алмашуу катына кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |