Редакцияот 10.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2017-жылдын 10-майы № 146-б

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын суу менен камсыз кылуу жана канализация системасын өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:

1. Төмөнкү расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелгендер жактырылсын:

- Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Майлуу-Суу шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана канализация системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашуунун долбоору;

- "Майлуу-Суу шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана канализация системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча берилүүчү Европа бирлигинин инвестициялык грантына карата Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуунун долбоору.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине ушул буйруктун 1-пунктунда аталган макулдашууларга принциптүү эмес мүнөздөгү оңдоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков