КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 17-майы № 166-б
Геодезия, картография, кадастр жана Жерлерди аралыктан зонд менен изилдөө жаатында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин уюмдарынын адистерин даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатууда кызматташууну өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык:
Геодезия, картография, кадастр жана Жерлерди аралыктан зонд менен изилдөө жаатында адистерди даярдоодо, кайра даярдоодо жана квалификациясын жогорулатууда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин өз ара аракеттенүүлөрү жөнүндө макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жактырылсын.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |