Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 16-майы № 162-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-августундагы № 342-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген тиркеме ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Тиркеме
"Тиркеме
Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясын ишке ашырууга карата биринчи кезектеги иш-чаралар планын аткаруу боюнча мамлекеттик органдардын иштерин координациялоочу ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын коопсуздук, укуктук тартип жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макуадашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматынын директорунун орун басары (макулдашуу боюнча).".