Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 26-апрели № 131-б
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-мартындагы № 127-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Тарыхый-маданий мурас объекттеринин сакталышын, корголушун жана ар тараптан натыйжалуу пайдаланылышын камсыз кылуу максатында, Бишкек шаарында 2016-жылдын 24-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына караштуу Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин ортосундагы протоколго, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:";
- 1-пунктта:
төртүнчү абзацындагы "Музейди реконструкциялоонун кадамдык планын иштеп чыксын жана бекитсин" деген сөздөр "Музейди капиталдык оңдоонун биринчи этабын аяктасын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча конкурстук комиссия "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзүлсүн.";
- 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү жана бешинчи абзац менен толукталсын:
"- жаңы экспозициянын Концепциясы жана тематикалык түзүмү бекитилсин;
- жаңы экспозицияны Концепцияга ылайык жайгаштыруу уюштурулсун.".
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |