Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 11-майы № 150-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салуудан качуу жана кирешелерге, капиталдын өсүшүнө салык төлөөлөрдү болтурбоо жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салуудан качуу жана кирешелерге, капиталдын өсүшүнө салык төлөөлөрдү болтурбоо жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Өкмөтү Кош салык салуудан качуу жана кирешелерге, капиталдын өсүшүнө салык төлөөлөрдү болтурбоо жөнүндө макулдашуу түзүүнү каалап,
төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене. Макулдашуу колдонулуучу жактар
Ушул Макулдашуу Макулдашуучу Мамлекеттердин биринин же экөөнүн тең резиденти болуп саналган жактарга карата колдонулат.
2-берене. Макулдашуу колдонулуучу салыктар
1. Ушул Макулдашуу Макулдашуучу Мамлекеттердин же алардын саясий же администрациялык бөлүмдөрүнүн же жергиликтүү бийлик органдарынын атынан алынуучу кирешелерге жана капиталдын өсүшүнө салыктарга карата аларды алуунун методуна карабастан колдонулат.
2. Кирешелерге жана капиталдын өсүшүнө салыктар деп кыймылдуу же кыймылсыз мүлктөрдү ээликтен ажыратуудан алган кирешенин салыктарын кошо алганда, кирешенин жалпы суммасынан же кирешенин айрым элементтеринен алынган бардык салыктар эсептелет.
3. Ушул Макулдашуу жайылтыла турган, колдонулуучу салыктар деп төмөнкүлөр эсептелет:
а) Кыргыз Республикасында:
i) юридикалык жактардын кирешелер жана пайда салыктары;
ii) жеке адамдардан алынуучу киреше салыгы
(мындан ары - "Кыргызстандын салыктары" деп аталат); жана
б) Бириккен Королдукта:
i) киреше салыгы;
ii) корпорациялардын кирешелер салыгы; жана
iii) капиталдын өсүш салыгы;
(мындан ары - "Бириккен Королдуктун салыктары" деп аталат).
4. Ушул Макулдашуу ошондой эле ушул Макулдашууга кол коюлган күндөн тартып аракеттеги салыктарга кошумча катары же алардын ордуна алына турган ушул сыяктуу жана маңызы боюнча окшош салыктарга карата колдонулат. Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары өздөрүнүн салык мыйзамдарына киргизилген бардык олуттуу өзгөртүүлөр тууралуу бири-бирине кабарлашат.
3-берене. Негизги түшүнүктөр
1. Эгер контексттен башкача келип чыкпаса ушул Макулдашуунун максаттары үчүн:
a) "Кыргызстан" термини Кыргыз Республикасын билдирет. Географиялык мааниде пайдаланганда "Кыргызстан" деген термин Кыргыз Республикасы улуттук жана эл аралык укукка ылайык эгемендүү укуктарын жана юрисдикциясын жүзөгө ашырып жаткан аймакты билдирет;
b) "Бириккен Королдук" термини Улуу Британияны жана Түндүк Ирландияны билдирет. Географиялык мааниде пайдаланганда Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын аймагын жана аймактык деңиздерин, улуттук жана эл аралык укуктарга ылайык, эгемендүү укуктарын жана юрисдикциясын жүзөгө ашырган аймакты түшүндүрөт;
c) "жак" деген термин жеке адамды, компанияны жана ар кандай башка жактардын бирикмесин түшүндүрөт;
d) "компания" деген термин ар кандай корпоративдик бирикмени же салык алуу максаты үчүн корпоративдик бирикме катары каралган ар кандай уюмду түшүндүрөт;
е) "Макулдашуучу Мамлекет" жана "экинчи Макулдашуучу Мамлекет" деген терминдер контекстке жараша Кыргыз Республикасын жана Бириккен Королдукту түшүндүрөт;
f) "Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы" жана "Экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы" деген терминдер тиешелүүлүгүнө жараша Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти башкарган ишкананы жана экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти башкарган ишкананы түшүндүрөт;
g) "эл аралык ташуу" деген термин деңиз же аба кемелери, же жер бетиндеги унаа каражаттары экинчи Макулдашуучу Мамлекеттеги пункттардын ортосунда гана пайдаланылган учурларды кошпогондо, Макулдашуучу Мамлекеттин ишканалары пайдалануучу деңиз, аба кемелери же жер бетиндеги унаа каражаттары менен ар кандай ташууларды түшүндүрөт;
h) "компетенттүү орган" деген термин төмөнкүлөрдү түшүндүрөт:
i) Кыргыз Республикасында - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигин же анын ыйгарым укуктуу өкүлүн;
ii) Бириккен Королдукта - киреше жана бажылык жыйымдар боюнча Улуу Британиянын мамлекеттик башкаруусунун комиссарларын же анын ыйгарым укуктуу өкүлүн;
i) "жаран" термини төмөнкүлөрдү түшүндүрөт:
i) Кыргызстанга карата, Кыргызстанда жарандыкка ээ болгон ар кандай жеке жакты жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын негизинде өзүнүн статусун алган ар кандай юридикалык жакты, өнөктөштүктү же бирикмени;
ii) Бириккен Королдукка карата, Улуу Британиянын ар жараны же бөлөк Шериктештик өлкөсүндө же аймагында жарандыкка ээ эмес, Британия жараны, эгерде Бириккен Королдукта жашоо укугуна ээ болсо; жана Бириккен Королдуктун колдонуудагы мыйзамдарынын негизинде өзүнүн статусун алган ар кандай юридикалык жакты, өнөктөштүктү же бирикмени;
2. Макулдашуучу Мамлекет тарабынан ар кандай учурда ушул Макулдашууну колдонгондо андагы аныкталбаган ар кандай термин, эгерде контексттен башкача болуп чыкпаса, мындай учурдагы ошол Мамлекеттин мыйзамдары боюнча мааниге ээ болот. Ушул Макулдашуу жайылтылган салыктарга карата, ушул мамлекеттин тийиштүү салыктык мыйзамдарында аныкталган маанисинде, ошол Мамлекеттин башка мыйзамдарында аныкталган мааниден басымдуулук кылуучу мааниде болот.
4-берене. Резидент
1. Ушул Макулдашуунун максаты үчүн "Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти" деген термин ушул Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык туруктуу жашаган жери, туруктуу катталган жери, башкаруу орду же ушундай мүнөздөгү башка критерийлер боюнча ошол Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ага салык салынууга тийиш болгон ар кандай жакты, ошондой эле ушул Мамлекетти же анын кандайдыр бир администрациялык-аймактык бөлүмүн же жергиликтүү бийлик органын түшүндүрөт. Бирок, бул термин ушул Мамлекетте ошол Мамлекеттин булактарынан кирешеге же капиталдын өсүшүнө карата салык салынууга тийиш болгон ар кандай жакты камтыбайт;
2. Эгерде ушул берененин 1-пунктунун жоболору боюнча жеке жак Макулдашуучу Мамлекеттердин экөөнүн тең резиденти болуп саналса, анда анын статусу төмөнкүчө аныкталат:
а) ал аймаганда туруктуу турак жайга ээ болгон Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти гана болуп саналат; эгер ал эки Макулдашуучу Мамлекетте тең туруктуу турак жайга ээ болсо, ал айрыкча тыгыз жеке жана экономикалык байланыштарга (жашоо-тиричилик кызыкчылыгынын борборуна) ээ болгон Макулдашуучу Мамлекеттин гана резиденти болуп саналат;
б) эгер анын жашоо-тиричилик кызыкчылыгынын борбору боло турган Макулдашуучу Мамлекет аныкталбаса, же эгер бул Макулдашуучу Мамлекеттердин биринде дагы туруктуу турак жайы болбосо, анда ал демейде жашаган Макулдашуучу Мамлекеттин гана резиденти болуп саналат;
в) эгер ал демейде эки Макулдашуучу Мамлекетте тең жашаса, же алардын биринде да жашабаса, анда ал жараны болуп саналган Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп эсептелет;
г) эгерде ушул жеке жактын статусу аныкталбаса, анда бул маселе Макулдатуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан өз ара макулдашуу боюнча чечилет.
3. Эгерде ушул берененин 1-пунктуна ылайык жеке жак болуп саналбаган жак, Макулдашуучу Мамлекеттердин экөөнүн тең резиденти болуп саналса, Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары өз ара макулдашуу боюнча ушул Макулдашуунун максаттары үчүн ал кайсы Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти катары караларын аныктоого аракеттенет. Эгерде, Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдарынын өз ара макулдугу болбосо, ушул Макулдашуунун 22, 23 жана 24-беренелеринде каралгандардан башка, сунушталган кандайдыр - бир жеңилдиктерди алуу максатында Макулдашуучу Мамлекеттердин биринин да резиденти болуп саналбайт.
5-берене. Туруктуу өкүлчүлүк
1. Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн "туруктуу мекеме" деген термин иш-аракеттердин туруктуу ордун түшүндүрөт, ал аркылуу ишкананын иши толук же жарым-жартылай ишке ашырылат.
2. Тактап айтканда "туруктуу мекеме" термини төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) ишкананын ишин башкаруу орду;
б) бөлүм:
в) кеңсе;
г) завод;
д) өнөркана; жана
е) шахта, нефть же газ скважинасы, карьер же жаратылыш ресурстары казылуучу ар кандай башка жерлер.
3. Курулуш аянты, куруу, монтаждоо же куроо объекти туруктуу мекеме болуп саналат, бирок эгер ушундай аянт же объект он эки айдан ашык мезгил ичинде иштеген учурда гана.
4. 1, 2 жана 3-пункттардын жоболоруна карабастан, Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашуучу Мамлекетте тийиштүү салык жылы башталган же аяктаган ар кандай 12 айлык мезгилде жыйынтыктап алганда 183 күндөн ашкан мезгилдин же мезгилдердин ичинде кызмат көрсөтүүлөрүн аткарса, жана ушундай эле кызмат көрсөтүүлөр ошол эле долбоорго же ошол экинчи Мамлекетте аталган кызмат көрсөтүүлөрдү аткарган бир же бир нече жак аркылуу долбоорго байланыштуу аткарылса, ушундай кызмат көрсөтүүлөр боюнча экинчи Мамлекетте жүзөгө ашырылган иштер экинчи Мамлекетте жайгашкан ишкананын туруктуу мекемеси аркылуу аткарылган деп саналат, 5-пунктта айтылган кызмат көрсөтүүлөрдүн чектелген түрлөрүнөн башкалары. Ушул пункттун максаттары үчүн ишкананын атынан кызмат көрсөткөн жактын кызмат көрсөтүүлөрү ушул жеке жак аркылуу башка ишкана аткарган деп саналбайт, эгерде ушул башка ишкана мындай жактын кызмат көрсөтүүлөрүнүн аткаруу ыкмаларын тескебесе же контролдобосо.
5. Ушул Берененин мурдагы жоболоруна карабастан "туруктуу мекеме" термини төмөнкүлөрдү камтыбайт:
а) ишканага тиешелүү болгон товарларды же буюмдарды, сактоо, көрсөтүү же жеткирүү максатында гана курулмаларды пайдаланууну;
б) сактоо, көрсөтүү же жеткирүү максатында гана ишканага тийиштүү болгон товарлардын жана буюмдардын запастарын кармоону;
в) бөлөк ишкана тарабынан кайра иштетүү максатында гана ишканага тийиштүү болгон товарлардын же буюмдардын запастарын кармоону;
г) товарларды же бумдарды сатып алуу, же ишкана үчүн маалыматтарды топтоо максаттарында гана иш-аракеттердин туруктуу ордун кармоону;
д) бөлөк ишкана даярдоочу же көмөкчү мүнөздөгү ар кандай башка иш-аракетти жүргүзүү максаттарында гана иш-аракеттердин туруктуу ордун кармоону;
е) ушул пункттун а) - д) пунктчаларында көрсөтүлгөн иш-аракеттердин түрлөрүнүн ар кандай айкалыштарын ишке ашыруу үчүн гана иш-аракеттердин туруктуу ордун кармоону, мындай айкалыштыруунун натыйжасында пайда болгон иш-аракеттин туруктуу орундагы жалпы иш-аракеттер даярдоочу жана көмөкчү мүнөздө боло турган шартта.
6. 1 жана 2-пункттардын жоболоруна карабастан, 7-пункту колдонулуучу көз каранды эмес статустуу агенттен бөлөк жак, Макулдашуучу Мамлекетте кандайдыр бир ишкананын атынан иштесе жана келишимдерди түзүүгө берилген укук менен аракеттенсе, ал жак ишкананын атынан иштеген иш-аракеттерине карата ишкананын туруктуу иштөөчү мекемеси бар деп эсептелинет, эгер ал жактын иш-аракеттери ушул берененин 5-пунктунда аныкталган, туруктуу иштөөчү жерден аткарылганы менен аны туруктуу мекемеге айландырбоочу иштер менен чектелбесе.
7. Ишкердикти ошол Мамлекетте, брокер, комиссионер, же көз карандысыз статусу бар кандайдыр бир агент аркылуу гана жүргүзсө, мындай жактар өзүнүн демейки иш-аракеттеринин алкагында аракеттенген шартта, ишкана Макулдашуучу Мамлекетте туруктуу мекемеси бар катары каралбайт.
8. Бир Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналган компания, экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналган компания тарабынан контролдогону же ал тарабынан контролдоно тургандыгы, же экинчи Мамлекетте ишкердикти жүргүзүүсү (туруктуу мекеме аркылуу, же башкача түрдө) өзүнөн-өзү бул компаниялардын бирин экинчисинин туруктуу мекемесине айланта албайт.
6-берене. Кыймылсыз мүлктөн алынуучу киреше
1. Бир Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жайгашкан кыймылсыз мүлктөн (айыл чарбасынан же токой чарбасынан кирешелерди кошкондо) алган кирешесине ушул экинчи Макулдашуучу Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. "Кыймылсыз мүлк" термини каралып жаткан мүлк жайгашкан Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдарындагы түшүнүктөгү мааниге ээ. Бул термин ар учурда кыймылсыз мүлккө карата көмөкчү, мүлктү, малды жана айыл жана токой чарбасында пайдаланылуучу жабдууларды, жер менчигине карата мыйзамдардын жоболору колдонулуучу укуктарды, кыймылсыз мүлктүн узуфруктун жана минералдык запастарды, булактарды жана башка жаратылыш ресурстарын иштетүү же иштүүгө укук үчүн компенсация катары өзгөрмөлүү же белгиленген төлөмдөргө укуктарды камтыйт; кемелер, кайыктар жана аба кемелери кыймылсыз мүлк катары каралбайт.
3. 1-пункттун жоболору кыймылсыз мүлктү тикелей пайдалануудан, ижарага берүүдөн же аны кандайдыр бир башка түрдө пайдалануудан алынган кирешелерге карата колдонулат.
4. 1 жана 3-пункттун жоболору ишкананын кыймылсыз мүлкүнөн түшкөн кирешелерге карата да колдонулат.
7-берене. Ишкананын пайдасы
1. Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасынын пайдасына, эгерде мындай ишкана экинчи Макулдашуучу Мамлекетте анда жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу ишкердикти жүргүзбөсө, биринчи Мамлекетте гана салык салынат. Эгерде ишкана жогоруда айтылгандай ишкердик жүргүзсө, ишкананын пайдасына экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн, бирок мындай туруктуу мекемеге тийиштүү болгон бөлүгүнө гана салык салынат.
2. 3-пункттун жоболоруна ылайык, эгер Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу ишкердик жүргүзсө, анда ар бир Макулдашуучу Мамлекетте бул туруктуу мекемеге, эгер ал өз алдынча жана өзүнчө ишкана болгондо, ушундай же ушуга окшогон шартта ушундай же ушуга окшогон ишти жүргүзгөн жана ал туруктуу мекемеси болуп саналган ишканадан толук көз карандысыз аракеттенгенде алышы мүмкүн болгон пайда эсептелинет.
3. Туруктуу мекеменин пайдасын аныктоодо башкаруу жана жалпы администрациялык чыгымдарды кошкондо, туруктуу мекеменин максаттары үчүн келтирилген чыгымдарды, бул чыгымдар туруктуу мекеме жайгашкан Мамлекетте же бөлөк жерде жасалганына карабастан, эсептен чыгарууга жол берилет.
4. Ушул туруктуу мекеме тарабынан ишкана үчүн товарларды сатып алуунун негизинде туруктуу мекемеге эч кандай пайда эсептелбейт.
5. Мурдагы пункттардын максаты үчүн туруктуу мекемеге чегерилген пайда, эгерде белгиленген тартипти өзгөртүү үчүн кескин жана жетишердик негиздер болбосо, жыл сайын бир гана ыкма менен аныкталат.
6. Эгер пайда ушул Макулдашуунун башка беренелеринде өзүнчө каралган кирешенин түрлөрүн жана капиталдын өсүшүн камтыса, анда ал беренелердин жоболоруна ушул берененин жоболору таасирин тийгизбейт.
8-берене. Эл аралык ташуулар
1. Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасынын эл аралык ташууларда деңиз, аба кемелерин же жол транспортун пайдалануудан алган пайдасына ошол Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынат.
2. Ушул берененин максаты үчүн эл аралык ташууларда деңиз, аба кемелерин же жол транспортун пайдалануудан Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы алган пайда төмөнкүлөрдү камтыйт:
a) бош кеме шартында деңиз, аба кемелерин же жол транспортун ижарага берүүдөн пайданы;
b) товарларды же буюмдарды ташуу үчүн колдонулуучу контейнерлерди (ташуучу трейлерди жана контейнерлерди ташуу үчүн коштоочу жабдууларды) колдонуудан, пайдалануудан же ижарага берүүдөн пайданы. Эгерде, тиешелүү жагдайларда мындай ижара же мындай пайдалануу, тейлөө же ижарага берүү, эл аралык ташууларда деңиз жана аба кемелерин же жол транспорт каражаттарын пайдаланууга берүү менен байланыштуу болсо.
3. 1-пункттун жоболору жалпы фондго, биргелешкен ишканага же эл аралык уюмга катышуудан алынган пайдага да таркатылат.
9-берене. Ассоциацияланган ишканалар
1. Эгер:
a) Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасын башкарууга, контролдоого же капиталына түз же кыйыр катышса; же
b) бир эле жактар биринчи Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасын, экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасын башкарууга, контролдоого же капиталына түз же кыйыр катышкан учурларда,
жана мындай учурдун ар биринде эки ишкананын ортосунда алардын коммерциялык же финансылык мамилелеринде эки көз карандысыз ишкананын ортосундагы боло турган мамилелерден айырмаланган шарттар түзүлсө же белгиленсе, анда ишканалардын биринин эсебине чегериле турган, бирок бул шарттардын бар экендигинен ага чегерилбеген ар кандай пайда, тийиштүү түрдө бул ишкананын пайдасына эсептелип, тийиштүү салык салышы мүмкүн.
2. Эгер Макулдашуучу Мамлекет бул Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасынын пайдасына экинчи Мамлекетте салык салууга дуушар болгон экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасынын пайдасын киргизген жана тийиштүү түрдө салык салган учурда, ушундай түрдө киргизилген пайда биринчи аталган Мамлекеттин ишканасына чегериле турган пайда деп саналат, эгер эки ишкананын ортосунда түзүлгөн шарттар эки көз карандысыз ишкананын ортосундагы шарттардай болсо, анда бул экинчи Мамлекет бул пайдадан алынуучу салыктын суммасына карата тийиштүү оңдоп-түзөтүүлөрдү жасашы мүмкүн. Мындай оңдоп-түзөтүүлөрдү аныктоодо ушул Макулдашуунун башка жоболору эске алынууга тийиш жана Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары зарыл болгон учурда консультацияларды өткөрүшөт.
10-берене. Дивиденддер
1. Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналган компания экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине төлөп берүүчү дивиденддерге ошол экинчи Мамлекетте гана салык салышы мүмкүн.
2. Бирок мындай дивиденддерге дивиденддерди төлөгөн компания резиденти болуп эсептелген Макулдашкан Мамлекетте да ушул Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык салык салышы мүмкүн, бирок дивиденддердин иш жүзүндөгү ээси экинчи Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелсе, анда ушундай жол менен алынган салык:
а) эгерде дивиденддердин иш жүзүндөгү ээси дивиденддерди төлөгөн компаниянын кеминде 25 пайызына түздөн-түз же кыйыр ээлик кылган компания болуп саналса, дивиденддердин жалпы суммасынын 5 пайызынан;
б) калган бардык учурларда дивиденддердин жалпы суммасынын 15 пайызынан ашпайт.
Бул пункт компанияга дивиденддер төлөнө турган пайдага салык салынышына тиешелүү болбойт.
3. Ушул беренеде колдонулуучу "дивиденддер" термини акциялардан же карыздык талап болуп эсептелбеген башка укуктардан кирешелерди, ошондой эле дивиденддерди бөлүштүрүүчү компания резиденти болуп эсептелген Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык акциялардан кирешелерге салык салууга карата теңештирилген башка параграфтарды түшүндүрөт.
4. Эгер дивиденддердин иш жүзүндөгү ээси Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп туруп, дивиденддерди төлөгөн компания резиденти болуп эсептелген экинчи Макулдашуучу Мамлекетте ишкердикти анда жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу жүргүзсө же ушул экинчи Макулдашуучу Мамлекетте көз карандысыз жеке кызматтарды анда жайгашкан туруктуу базасы аркылуу көрсөтсө жана дивиденддер төлөнгөн холдинг чындыгында ушундай туруктуу мекеме же туруктуу база менен байланышса, 1 жана 2-пункттардын жоболору колдонулбайт. Мындай учурда 7 же 14-берененин жоболору шартка жараша колдонулат.
5. Бир Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналган компания экинчи Макулдашуучу Мамлекеттен пайда же киреше алган учурда, бул экинчи Мамлекет эгер мындай дивиденддер бул экинчи Мамлекеттин резидентине төлөнсө же эгерде ал дивиденддер төлөнүп жаткан холдинг иш жүзүндө бул экинчи Мамлекетте жайгашкан туруктуу мекеме же туруктуу база менен байланышта экендигин кошпогондо, компания төлөп берүүчү дивиденддерден кандайдыр бир салык албайт, ошондой эле компаниянын бөлүштүрүлбөгөн пайдасына, ал тургай эгер төлөнүүчү дивиденддер же бөлүштүрүлбөгөн пайда ошол экинчи Мамлекетте келип чыгуучу толук же жарым-жартылай пайдадан же кирешеден турса да, бөлүштүрүлбөгөн пайдага салык салынбайт.
6. Ушул Беренеге ылайык эч кандай жеңилдиктер берилбейт, эгерде бул, ушул берененин артыкчылыктарын пайдалануу үчүн акцияларды же аларга карата дивиденддер төлөнүүчү башка укуктарды чыгарууга же берүүгө байланыштуу ар кандай жактын башкы максаты же негизги максаттарынын бири болсо.
11-берене. Пайыздар
1. Макулдашуучу Мамлекетте пайда болгон жана экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине төлөнүүчү пайыздарга, ошол экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Макулдашуучу Мамлекетте пайда болгон пайыздарга ошол Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык, аталган Мамлекетте салык салынышы мүмкүн, бирок пайыздын иш жүзүндөгү ээси экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналса, чегерилген салык пайыздардын жалпы суммасынын 5 пайызынан ашпашы керек.
3. 2-пункттун жобосуна карабастан, Макулдашуучу Мамлекетте пайда болгон жана экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине таандык болгон пайыздарга ошол экинчи Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынууга тийиш эгер төмөнкү шарттар аткарылса:
a) пайыздар ошол экинчи Макулдашуучу Мамлекетке, анын саясий же администрациялык бөлүмүнө же жергиликтүү бийлик органына, же Борбордук банкына же ошол Мамлекетке толугу менен таандык болгон башка уюмга, саясий бөлүмгө же жергиликтүү бийлик органына төлөнсө;
b) пайыздар пайда болгон Мамлекет, анын саясий же администрациялык бөлүмү же жергиликтүү бийлик органы, же Борбордук банкы тарабынан төлөнсө;
c) пайыздар ошол экинчи Мамлекет, анын саясий же администрациялык бөлүмү же жергиликтүү бийлик органы же экспорттук Департаменти тарабынан кепилденген же камсыздандырылган зайымдарга карата төлөнсө;
d) пайыздар ар кандай жабдууларды, товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү кредитке сатуунун натыйжасында пайда болгон карыздарга карата төлөнсө.
4. "Пайыздар" термини ушул Беренеде колдонгон учурда карызкорлордун пайдаларына катышууга укук берүүчү же бербөөчү, күрөө менен камсыздалган же камсыздалбаган ар кандай түрдөгү карыз талаптарынан алынуучу кирешени, атап айтканда мамлекеттик баалуу кагаздардан кирешени жана облигациялардан жана карыз милдеттенмелеринен түшүүчү кирешени түшүндүрөт. Мындай термин 10-берененин жобосуна ылайык, дивиденддер катары каралган кандайдыр бир кирешелерди ичине камтыбайт.
5. Эгер пайыздардын иш жүзүндөгү ээси бир Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп туруп, экинчи Макулдашуучу Мамлекетте ишкердик жүргүзсө, анда жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу пайыздар пайда болсо же анын негизинде пайыздар төлөнүүчү ушул экинчи Мамлекетте көз карандысыз жеке кызматтарды анда жайгашкан туруктуу базасы аркылуу көрсөтсө жана карыздык талаптар ушундай туруктуу мекеме менен же туруктуу база менен байланышса ушул берененин 1 жана 2-пунктунун жоболору колдонулбайт. Мындай учурда 7 же 14-беренелердин жоболору шартка жараша колдонулат.
6. Эгерде төлөөчү менен пайыздардын иш жүзүндөгү ээсинин ортосундагы же экөөнүн жана кандайдыр бир үчүнчү жактын ортосундагы өзгөчө мамилелерге байланыштуу, карыздык талапка таандык болгон пайыздан, анын негизинде төлөнүүчү кирешенин суммасы төлөөчү менен пайыздардын иш жүзүндөгү ээсинин ортосундагы ушундай мамилелер жок болгондо макулдашыла турган суммадан ашса, анда ушул берененин жоболору акыркы аталган суммага карата гана колдонулат. Мындай учурда ушул Макулдашуунун башка жоболорун эске алуу менен ар бир Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык төлөмдүн ашыкча бөлүгүнө салык салынат.
7. Ушул Беренеге ылайык эч кандай жеңилдиктер берилбейт, эгерде бул, ушул берененин артыкчылыктарын пайдалануу үчүн акцияларды же аларга карата дивиденддер төлөнүүчү башка укуктарды чыгарууга же берүүгө байланыштуу ар кандай жактын башкы максаты же негизги максаттарынын бири болсо.
12-берене. Роялти
1. Бир Макулдашуучу Мамлекетте келип чыккан жана экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине төлөнүүчү роялтиге ошол экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Бирок, мындай роялтиге алар келип чыккан Макулдашуучу Мамлекетте жана ошол Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык салык салынышы мүмкүн, бирок эгерде роялтинин иш жүзүндөгү ээси экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналса мындай түрдө алынуучу салык роялтинин жалпы суммасынын 5 пайызынан ашпоого тийиш.
3. Бул Беренеде пайдаланылуучу роялти термини ар кандай адабият, искусство чыгармаларына же илимий эмгектерге программалык камсыздоону кошо алганда, кинематографиялык фильмдерди, ар кандай патенттерге, соода маркаларына, дизайн же моделге, планга, жашыруун формулага же процесске автордук укуктарды пайдалануу укугун колдонуу же берүү, өнөр жайлык, коммерциялык же илимий жабдууларды пайдалануу укугун колдонуу, берүү, өнөр жайлык, коммерциялык же илимий тажрыйбага тиешелүү маалымат үчүн сыйлык катарында алынуучу ар кандай түрдөгү төлөмдөрдү билдирет.
4. Бир Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп туруп, роялтинин иш жүзүндөгү ээси экинчи Мамлекетте ишкердик жүргүзсө, роялти ошол жерде жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу келип чыкса же болбосо ошол экинчи Мамлекетте туруктуу жайгашкан база менен көз карандысыз жеке кызматтарды көрсөтсө, роялти төлөнгөн укук же мүлк иш жүзүндө мындай туруктуу мекеме же туруктуу база менен байланышса ушул берененин 1 жана 2-пункттарынын жоболору колдонулбайт. Мындай учурда жагдайга жараша 7 же 14-берене колдонулат.
5. Эгерде төлөөчүнүн жана иш жүзүндө роялтинин ээсинин ортосундагы же алардын экөөнүн кандайдыр бир башка жак менен өзгөчө мамилелеринин себеби боюнча роялтини төлөөгө негиз болгон колдонууга, укукка же маалыматка таандык роялтинин суммасы мындай мамилелер жок учурда төлөөчү менен роялтинин иш жүзүндөгү ээсинин ортосунда макулдашылган суммадан ашса, бул берененин жоболору акыркы аталган суммага гана колдонулат. Мындай учурларда төлөмдүн ашыкча бөлүгүнө ушул Макулдашуунун башка жоболорун тийиштүү түрдө эске алуу менен ар бир Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык салык салынууга тийиш.

13-берене. Капиталдын өсүшүнөн алынган киреше
1. 6-беренеде аныкталган жана экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жайгашкан кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратууда Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти тарабынан алынууну кирешеге ушул экинчи Макулдашуучу Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Фонддук биржада олуттуу жана туруктуу тооруктар жүргүзүлүп жаткан акциялардан башка, акцияларды ээликтен ажыратуудан Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти алган киреше же экинчи Мамлекетте жайгашкан кыймылсыз мүлктөн түздөн-түз же кыйыр түрдө анын наркынын 50%нан көбүн алуу менен салыштыруу пайыздары ушул Макулдашуучу Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
3. Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашуучу Мамлекетте ээ болуп турган туруктуу мекеменин коммерциялык мүлкүнүн бөлүгүн түзгөн кыймылдуу мүлктү ээликтен ажыратуудан алынган, же көз карандысыз жеке кызмат көрсөтүү максатында биринчи Макулдашуучу Мамлекеттин резидентинин карамагындагы экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жайгашкан туруктуу базага таандык кыймылдуу мүлктөрдөн алынган кирешеге, мындай туруктуу мекемени (өзүнчө же бүткүл ишкана менен бирге) же болбосо мындай туруктуу базаны ээликтен ажыратуудан түшкөн кирешени кошкондо, ошол экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
4. Эл аралык ташууларда пайдаланылуучу деңиз, аба кемелерин же жол транспорт каражаттарын же мындай деңиз, аба кемелерин же жол транспорт каражаттарын пайдалануу менен байланышкан кыймылдуу мүлктү ээликтен ажыратуудан Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти алуучу кирешелерге ишкананы иш жүзүндө башкаруу орду жайгашкан Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынат.
5. 1, 2, 3 жана 4-пункттарда эскертилгендерден башка кандайдыр бир мүлктү ээликтен ажыратуудан түшкөн кирешелерге мүлктү ээликтен ажыраткан жак резиденти болуп эсептелген Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынат.
14-берене. Көз карандысыз жеке кызмат көрсөтүүлөр
1. Макулдашуучу Мамлекеттин резидент болуп саналган, жеке жак тарабынан кесипкөйлүк кызмат көрсөтүүдөн же көз карандысыз мүнөздөгү башка иштен алынган кирешеге ошол Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынат, буга ал экинчи Макулдашуучу Мамлекетте үзгүлтүксүз жеткиликтүү туруктуу базада ошондой ишти жүргүзгөн учурлары кирбейт. Эгерде анын мындай туруктуу базасы болсо же мурда бар болсо ошол туруктуу базага таандык бөлүгүндө гана башка Макулдашуучу Мамлекетте кирешеге салык салынышы мүмкүн.
2. "Кесипкөйлүк кызмат көрсөтүү" деген термин, тактап айтканда көз карандысыз илимий, адабий, артисттик, билим берүү же педагогикалык иштерди, ошондой эле врачтардын, юристтердин, инженерлердин, архитекторлордун, стоматологдордун жана бухгалтерлердин көз карандысыз иштерин камтыйт.
15-берене. Жумуштуулуктан киреше
1. Эгерде жалданып иштөө экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жүзөгө ашырылбаса, 16, 18 жана 19-беренелеринин жоболоруна ылайык бир Макулдашуучу Мамлекеттин резидентинин жалданып иштөөгө байланыштуу алган айлыгына, эмгек акысына жана башка ушул сыяктуу сыйакысына ушул Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынат. Эгерде жалданып иштөө ушундай жол менен жүзөгө ашырылса, буга байланыштуу алынган сыйакыга ошол экинчи Макулдашуучу Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. 1-пункттун жоболоруна карабастан, Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жүзөгө ашырган жалданып иштөөгө байланыштуу алган сыйакысына биринчи Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынат, эгерде:
a) алуучу каралып жаткан салык жылы башталган же бүткөн ар кандай он эки айлык мезгилде, жыйынтыктап алганда 183 күндөн ашпаган мезгилде же мезгилдердин ичинде, экинчи Мамлекетте болсо; жана
b) сыйакы экинчи Мамлекеттин резиденти болуп эсептелбеген жалдоочу тарабынан же жалдоочунун атынан төлөнсө; жана
c) сыйакы төлөө боюнча чыгымдарга, жалдоочу экинчи Макулдашуучу Мамлекетте ээ болгон туруктуу мекеме же ишкердиктин туруктуу орду тарабынан төлөнбөсө.
3. Ушул берененин мурдагы жоболоруна карабастан эл аралык ташууларда пайдаланылган деңиз, аба кемесинин бортунда же жол транспортунда ишке ашырылган жалданып иштөөгө байланыштуу алынган сыйакыга резиденти ушул ташууларды ишке ашыруучу ишкана болгон Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынышы мүмкүн.
16-берене. Директорлордун сыйакысы
Экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналган, компаниялардын директорлор кеңешинин мүчөсү катары биринчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти тарабынан алынган директорлордун сыйакыларына жана башка ушундай төлөмдөргө экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
17-берене. Артисттер жана спортчулар
1. 14 жана 15-беренелердин жоболоруна карабастан, бир Макулдашуучу Мамлекеттин резидентинин театрдын, кинонун, радионун же теле көрсөтүүнүн артисти катары искусство кызматкери же музыкант же спортчу катары экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жүзөгө ашырган жеке ишинен алган кирешесине ошол экинчи Макулдашуучу Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Искусство кызматкери же спортчу тарабынан ушул сапатта жүзөгө ашырылган жеке-ишинен түшкөн кирешеси искусство кызматкеринин же спортчунун жеке өзүнө эсептелбей, башка жакка эсептелсе, 7 жана 15-беренелердин жоболоруна карабастан, бул кирешеге искусство кызматкеринин же спортчунун иши жүзөгө ашырылып жаткан Макулдашуучу Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
18-берене. Пенсиялар
Ушул Макулдашуунун 19-берененин 2-пунктуна ылайык, Мамлекеттин резидентине төлөнүүчү пенсиялар жана башка ошол сыяктуу сыйакыларга ошол гана Макулдашуучу Мамлекетте салык салынат.
19-берене. Мамлекеттик кызмат
1. а) Макулдашуучу Мамлекет, анын саясий же администрациялык бөлүмү же жергиликтүү бийлик органдары тарабынан төлөнүүчү, ушул Макулдашуучу Мамлекетке, бөлүмдөргө же жергиликтүү бийлик органдарына көрсөтүлгөн кызматтарга карата жеке адамдын эмгек акысына, сыйакыларына жана башка ушул сыяктуу төлөөлөргө ошол Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынат.
b) бирок мындай эмгек акыга, сыйакыга жана башка ушул сыяктуу төлөөлөргө эгерде кызмат ошол экинчи Макулдашуучу Мамлекетте көрсөтүлсө жана жеке адам ошол Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналса, экинчи Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынат: эгер
i) ушул Макулдашуучу Мамлекеттин жараны болуп саналса; же
ii) кызмат көрсөтүү максатында гана ошол Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болбосо; жана ошол эле учурда мындай эмгек акыга, сыйакыга жана башка ошондой төлөмдөргө карата ошол Макулдашуучу Мамлекетте салык салынууга тийиш.
2. а) 1-пункттун жоболоруна карабастан, Макулдашуучу Мамлекет, анын саясий же администрациялык бөлүмү же жергиликтүү бийлик органдары тарабынан же ошол Макулдашуучу Мамлекетке же бөлүмүнө же жергиликтүү бийлик органдарына көрсөтүлгөн кызматтарга карата түзүлгөн фонддор тарабынан жеке жакка төлөнгөн пенсиялар жана башка ушул сыяктуу сыйакылар ушул Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынууга тийиш.
b) бирок, мындай пенсияга жана башка ушул сыяктуу сыйакыларга, эгерде жеке адам ошол Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти же жараны болуп саналса, экинчи Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынат.
3. Ушул Макулдашуунун 15, 16, 17 жана 18-беренелеринин жоболору Макулдашуучу Мамлекет, анын администрациялык бөлүмдөрү же жергиликтүү орган тарабынан ишкердикке байланыштуу көрсөтүлгөн кызматтарга карата эмгек акыларга, айлыкка жана башка ушундай сыйакыларга жана пенсияларга колдонулат.
20-берене. Студенттер
Макулдашуучу Мамлекетке келгенге чейин түздөн-түз экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген жана биринчи аталган Макулдашуучу Мамлекетте окуу же билим алуу максатында гана жүргөн студент же стажер окуу жана билим алуу максаттары үчүн алган төлөмдөргө, мындай төлөмдөр ушул Макулдашуучу Мамлекеттин чегинен тышкары жайгашкан булактардан келип чыккан шартта, аларга аталган Макулдашуучу Мамлекетте салык салынбайт.
21-берене. Башка кирешелер
1. Ушул Макулдашуунун мурдагы беренелеринде аталбаган Макулдашуучу Мамлекеттин резидентинин кирешесинин түрлөрүнө келип чыгуу булактарына карабастан, ошол Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынууга тийиш.
2. 1-пункттун жоболоруна карабастан, бир Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине төлөмдөр мүлктү башкарган каза болгон адамдын камкорчусу же жеке өкүлү алган кирешеден ишке ашырылса жана мындай камкорчу же жеке өкүл экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналса, аталган сумма ошол эле булактардан жана ошондой эле пропорцияда келип чыккан, ишенимдүү жак же жеке өкүл алган киреше катары каралышы керек, анда аталган сумма төлөнөт.
Бенефициарга төлөнгөн кирешеге карата камкорчусу же жеке өкүлү төлөгөн ар кандай салык, ошол бенефициар төлөгөн салык катары каралышы керек.
3. Ушул берененин 1-пунктунун жоболору 6-берененин 2-пунктунда аныкталган кыймылсыз мүлктөн түшүүчү пайдалардан тышкары пайдаларга карата эгерде мындай кирешелерди алуучу бир Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналса, анда жайгашкан туруктуу мекемеси аркылуу экинчи Макулдашуучу мамлекетте ишкердикти жүргүзсө же ошол экинчи Макулдашуучу Мамлекетке анда турган туруктуу базасы аркылуу көз карандысыз жеке кызматтарды көрсөтсө, алынган кирешеге байланыштуу укукка же мүлккө ээ болсо, чындыгында эле мындай туруктуу мекеме же база менен байланышта болсо аларга карата колдонулбайт. Мындай учурда кырдаалга жараша 7 же 14-беренелердин жоболору колдонулат.
4. Эгерде 1-пунктта айтылган резиденттин жана кандайдыр бир башка жактын же экөөнүн ортосунда өзгөчө мамилелерге байланыштуу кирешенин суммасы мындай мамилелер жок болгондо, мурда алардын ортосунда макулдашылган суммадан ашса, анда ушул берененин жоболору акыркы аталган суммага (эгер мындай сумма болсо) карата гана колдонулат. Мындай учурда ушул Макулдашуунун башка жоболорун эске алуу менен ар бир Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык төлөмдүн ашыкча бөлүгүнө салык салынат.
5. Ушул беренеге ылайык эч кандай жеңилдиктер берилбейт, эгерде бул, ушул берененин артыкчылыктарын пайдалануу үчүн акцияларды же аларга карата дивиденддер төлөнүүчү башка укуктарды чыгарууга же берүүгө байланыштуу ар кандай жактын башкы максаты же негизги максаттарынын бири болсо.
22-берене. Кош салык салууну четтетүү методдору
1. Кыргызстанда кош салык салуу төмөнкүдөй түрдө четтетилет:
а) эгерде Кыргызстандын резиденти ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык Улуу Британияда салык салынган киреше алса, анда Кыргызстан ошол резиденттин пайдасына салыктан Бириккен Королдукта төлөнгөн пайда салыгына барабар болгон сумманы эсептен чыгарат;
Жогоруда аталган жобого ылайык кемитилген салыктын суммасы Кыргызстанда колдонулуучу ставка боюнча мындай кирешеге эсептелген салыктан ашпоого тийиш;
b) эгерде, Кыргызстандын резиденти киреше алып, ага ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык Бириккен Королдукта гана салык салынса, анда Кыргызстан бул кирешени Кыргызстанда салык салынуучу ушундай кирешеге салыктын ставкасын белгилөө максатында салыктык базага киргизиши мүмкүн.
2. Бириккен Королдукта Бириккен Королдуктун мыйзамдарына ылайык, Бириккен Королдуктун аймагынан тышкары төлөнүүгө тийиш болгон, Бириккен Королдук салыктык кредит катары чегерүүгө же Бириккен Королдуктун аймагынан тышкары пайда болгон дивиденддер боюнча Бириккен Королдуктун салыгынан бошотулган жагдайларга же Бириккен Королдуктун аймагынан тышкары жайгашкан туруктуу мекеменин пайдасына жараша (жалпы принципке таасирин тийгизбестен):
a) Кыргызстандын мыйзамдарына жана ушул Макулдашууга ылайык төлөнүүгө тийиш болгон Кыргызстандын салыктары түздөн-түз же эсептен чыгаруу аркылуу, Кыргызстандын аймагындагы булактардан алынган кирешеге, пайдага же салык салынуучу пайдага (андан дивиденд төлөнө турган пайдага карата төлөнүүчү дивиденддерге салыктардан башкасы) Кыргызстанда салык төлөнө турган мындай кирешеге, пайдага же салык салынуучу пайдага карата эсептелген, Бириккен Королдуктун ар кандай салыгы үчүн салыктык кредит катары жол берилет;
b) Кыргызстандын резиденти болуп саналган компаниялар Бириккен Королдуктун резиденти болуп саналган компанияларга төлөп берген дивиденддер Бириккен Королдуктун салыктарынан бошотулушу керек, эгерде мындай бошотуу колдонулса жана Бириккен Королдуктун мыйзамдарына ылайык бошотуу шарттарын аткарса;
c) Бириккен Королдуктун резиденти болуп саналган Кыргызстандагы туруктуу мекеме компаниясынын пайдасы Бириккен Королдукта салыктан бошотулушу керек, эгерде мындай бошотуу колдонулса жана Бириккен Королдуктун мыйзамдарына ылайык бошотуу шарттарын аткарса;
d) Кыргызстандын резиденти болуп саналган компания Бириккен Королдуктун резиденти болуп саналган компанияга төлөп берүүчү жогоруда айтылган b) пунктчасына ылайык, дивиденддер салыктан бошотулбаган учурда а) пунктчасында айтылган дивиденддерди, кредиттерди төлөгөн компанияга добуш берүү укугу менен акциянын кеминде 10% (пайызы) андан ушундай дивиденддер төлөнө турган пайдасына карата компания төлөөгө тийиш болгон, Кыргызстандын салыгы катары эсептелет.
3. 1 жана 2-пункттардын максаттары үчүн ушул Макулдашууга ылайык экинчи Макулдашуучу Мамлекетте салык салынышы мүмкүн болгон, Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине таандык кирешелер, пайда жана капиталдын өсүшүнөн алынган кирешелер ошол экинчи Мамлекеттеги булактардан алынган деп эсептелет.
23-берене. Басмырлоого жол бербөө
1. Бир Макулдашуучу Мамлекеттин жарандары экинчи Макулдашуучу Мамлекетте ошол Мамлекеттин жарандары ошондой эле шарттарда дуушар болуучу же дуушар болушу мүмкүн болгон салык салууга же кандайдыр бир талаптарга караганда кыйла түйшүктүү кандайдыр бир салык салууга же ага байланышкан талаптарга дуушар болбошу керек.
2. Бир Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасынын экинчи Макулдашуучу Мамлекеттеги туруктуу мекемесине салык салуу, ушундай иш-аракеттерди жүргүзгөн ошол экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин ишканаларына салынган салыктарга караганда начар ыңгайлуулукта калууга тийиш эмес.
3. 9-берененин 1-пунктунун, 11-берененин 6 же 7-пункттарынын, 12-берененин 5 жана 6-пункттарынын же 21-берененин 4 же 5-пункттарынын жоболору колдонулган учурлардан башка учурларда, Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы тарабынан экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине төлөнүүчү пайыздар, роялтилер жана башка төлөмдөр мындай ишкананын салык салынуучу пайдасын аныктоо максатында баштапкы аталган Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине төлөнгөндөй шартта эсептен чыгарылууга тийиш.
4. Капиталы экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин бир же бир нече резидентине түз же кыйыр түрдө толук же жарым жартылай таандык болгон Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы аталган биринчи Макулдашуучу Мамлекетте ошол аталган биринчи Мамлекеттин башка ушундай ишканалары дуушар болуучу салык салуудан жана алар менен байланышкан жагдайлардан кыйла түйшүктүү жагдайларга дуушар болушпайт.
5. Ушул берененин бир дагы жобосу ар кандай Макулдашуучу Мамлекет аталган Мамлекеттин резиденти же жараны болуп саналбаган жеке жакка салык маселелери боюнча ошо Макулдашуучу Мамлекеттин жараны же резиденти болгон жеке жактарга берилүүчү кандайдыр бир жеңилдиктерди камсыз кылуу милдеттенмелери катары чечмеленбейт.
24-берене. Өз ара макулдашуу жол-жоболору
1. Эгерде Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналган жак бир же эки Макулдашуучу Мамлекеттердин аракеттери аны ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык келбеген салык салууга алып келди же алып келет деп эсептесе, ал бул Мамлекеттердин ички мыйзамдарында каралган коргоо каражаттарына карабастан өздөрүнүн ишин кароо үчүн ал резиденти болуп саналган же 22-берененин 1-пунктуна ылайык келсе жараны болуп саналган Макулдашуучу Мамлекеттин компетенттүү органдарынын кароосуна берет. Арыз ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык келбеген салык салууга алып келүүчү аракеттер жөнүндө биринчи кабарлоо учурунан тартып үч жылдын ичинде берилүүгө тийиш.
2. Компетенттүү орган доону негиздүү деп тапса жана ал өз алдынча канааттандыраарлык чечимге келе албаса ушул Макулдашууга дал келбеген салык салуудан качуу максатында маселени экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин компетенттүү органы менен өз ара макулдашуу боюнча чечүүгө умтулат. Жетишилген ар кандай макулдашуу Макулдашуучу Мамлекеттердин ички мыйзамдарындагы кандайдыр бир убактылуу чектөөлөргө карабастан аткарылышы керек.
3. Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары ушул Макулдашууну чечмелөөдө же колдонууда келип чыгуучу ар кандай кыйынчылыктарды же шектенүүлөрдү өз ара макулдашуу боюнча чечүүгө умтулат. Алар ушул Макулдашууда каралбаган учурларда кош салык салууну жоюу максатында биргелешкен консультацияларды өткөзө алышат.
4. Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары мурдагы пункттардагы маселелер боюнча макулдукка келүү максатында бири-бири менен түз байланыштарга чыга алышат.
25-берене. Маалымат алмашуу
1. Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары ушул Макулдашуунун жоболорун же Макулдашуучу Мамлекеттердин ар кандай салыктардын түрлөрүнө тиешелүү ички мыйзамдарын аткаруу үчүн зарыл болгон, тактап айтканда ушул мыйзам боюнча салык салуу бул Макулдашууга каршы келбеген, Макулдашуу жайылтылуучу салыктар тууралуу маалыматтарды алмашып турушат. Маалымат алмашуу 1 жана 2-беренелер менен эле чектелбейт.
2. 1-пунктка ылайык, Макулдашуучу Мамлекет алган ар кандай маалымат, ушул Макулдашуучу Мамлекеттин ички мыйзамдарынын алкагында алынган маалымат сыяктуу эле купуя маалымат болуп саналат жана Макулдашуу жайылтылган салыктарга карата салыктарды аныктоо, алуу, мажбурлап өндүрүп алуу, соттук териштирүү же 1-пунктта аныкталган апелляцияларды карап чыгуу менен байланышкан жактарга же органдарга (сотторду же администрациялык органдарды кошкондо) маалымдалышы мүмкүн. Мындай жактар же органдар маалыматты ушул максаттар үчүн гана колдонот. Алар маалыматты ачык сот отурумунун жүрүшүндө же соттун чечимин кабыл алууда ачыкка чыгарышы мүмкүн. Жогоруда айтылгандарга карабастан, Макулдашуучу Мамлекет алган маалыматтар башка максаттар үчүн да колдонулушу мүмкүн, мындай маалымат эки Макулдашуучу Мамлекеттин тең мыйзамдарына ылайык башка максаттарда колдонулса, бул маалыматтарды жөнөткөн Макулдашуучу Мамлекеттин компетенттүү органдары ушундай пайдалануу укугун берет.
3. 1 жана 2-пункттардын жоболору Макулдашуучу Мамлекеттерди төмөнкүлөргө милдеттендирүүчү катары чечмеленбейт:
a) тигил же бул Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдарына жана администрациялык практикасына каршы келген администрациялык чараларды көрүү;
b) тигил же бул Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдары боюнча же демейдеги администрациялык практиканын жүрүшүндө алууга мүмкүн болбогон маалыматты берүү;
c) кандайдыр бир соода, ишкердик, өнөр-жайлык, коммерциялык же кесиптик жашыруун сырды же болбосо соода процессин ачып берүүнү же мамлекеттик саясатка каршы келе тургандай маалыматты берүү.
4. Эгер маалымат Макулдашуучу Мамлекет тарабынан ушул беренеге ылайык суралып жатса экинчи Макулдашуучу Мамлекет салык салуудагы өзүнүн максаттары үчүн мындай маалыматка муктаж болбосо дагы, экинчи Макулдашуучу Мамлекет суралып жаткан маалыматты алуу үчүн өзүнүн чогултуу ыкмаларын пайдаланышы керек. Мурунку сүйлөмдө камтылган милдеттенмелер 3-пункттагы чектөөлөрдү эске алуу менен колдонулат, бирок мындай чектөөлөр Макулдашуучу Мамлекетке мындай маалыматтар ички кызыкчылыктарга ээ болбогондугу үчүн маалымат берүүдөн баш тартып коюусуна мүмкүндүк берет деп чечмеленбеши керек.
5. 3-пункттун жоболору эч качан Макулдашуучу Мамлекеттин маалыматы банкта, башка финансылык институтта, дайындалган жакта же агент, катары аракеттенген адамда же ишенимдүү адамда болгондуктан, же ал кайсыл бир жактын жеке кызыкчылыгына таандык болгондуктан гана маалымат берүүдөн баш тартууга мүмкүндүк берет деп чечмеленбеши керек.
26-берене. Дипломатиялык жана консулдук кызматтын кызматкерлери
Ушул Макулдашуунун жоболору дипломатиялык жана консулдук кызматтын кызматкерлеринин эл аралык укуктун жалпы ченемдери тарабынан же атайын макулдашуулардын негизинде берилген салыктык артыкчылыктарына таасирин тийгизбейт.
27-берене. Күчүнө кириши
1. Макулдашуучу Мамлекеттер ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу бири-бирине кабарлайт.
2. Ушул Макулдашуу ушул Берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн акыркы билдирүү алынган күндөн тартып күчүнө кирет жана анын жоболору төмөнкүлөргө карата колдонулат:
а) Кыргыз Республикасында:
i) ушул Макулдашуу күчүнө кирген жылдан кийинки календардык жылдын биринчи январынан тартып төлөнгөн же эсептелген суммасына карата булактан кармалуучу салыктарга; жана
ii) ушул Макулдашуу күчүнө кирген жылдан кийинки календардык жылдын биринчи январынан баштап каалаган салыктык мезгилдерге карата башка салыктарга.
б) Бириккен Королдукта:
i) ушул Макулдашуу күчүнө кирген кийинки календардык жылдын биринчи январынан тартып төлөнгөн же эсептелген суммага карата булактан кармалуучу салыктарга;
ii) ушул Макулдашуу күчүнө кирген датадан кийинки апрелдин алтынчы күнүнөн баштап же ар кандай баалоо жылы үчүн киреше салыгына жана капиталдын өсүшүнө карата салыктарга;
iii) ушул Макулдатуу күчүнө кирген датадан кийинки апрелдин биринчи күнүнөн баштап же ар кандай финансылык жыл үчүн пайда салыгына карата;
3. Макулдашуучу Мамлекеттер өз ара макулдашуу боюнча ушул Макулдашууга оңдоолорду киргизе алышат, ал тийиштүү протокол менен таризделет жана ушул берененин 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн жол-жоболорго ылайык күчүнө кирет.
4. 2-пункттун жана 24-берененин (Өз ара макулдашуу жол-жобосу), 25-берененин (Маалымат алмашуу) жоболоруна карабастан Макулдашуучу Мамлекеттердин улуттук мыйзамдарын эсепке алуу менен, иш тиешелүү болгон салык мезгилин эсепке албастан, ушул Макулдашуу күчүнө кирген датадан баштап юридикалык күчкө ээ.
28-берене. Колдонулушун токтотуу
Ушул Макулдашуу Макулдашуучу Мамлекет анын колдонулушун токтоткон учурга чейин күчүндө кала берет. Макулдашуучу Мамлекеттердин ар бири ушул Макулдашуу күчүнө кирген жылдан баштап беш жыл өткөндөн кийинки календардык жыл аяктаганга чейин алты ай мурда Макулдашуунун күчүн токтотуу жөнүндө дипломатиялык каналдар боюнча жазуу жүзүндө кабарлап, Макулдашууну колдонууну токтотушу мүмкүн. Мындай учурда Макулдашуу төмөнкүлөргө карата күчүн токтотот:
a) Кыргыз Республикасында:
i) билдирүү берилген жылдан кийинки календардык жылдын 1-январынан тартып же андан кийин төлөнүүчү сумма боюнча төлөө булагынан алынуучу салыктарга;
ii) билдирүү берилген жылдан кийинки календардык жылдын 1-январынан тартып же андан кийин башталган ар кандай салык жылында эсептелген башка салыктарга карата.
b) Бириккен Королдукта:

ii) билдирүү берилген жылдан кийинки жылдын апрель айынын алтынчы күнүнөн баштап же кийин ар кандай баалоо жылы үчүн пайда салыгына жана капиталдын өсүшүнө карата салыктарга;
iii) билдирүү берилген жылдан кийинки жылдын апрель айынын биринчи күнүнөн кийин ар кандай финансылык жылы үчүн пайда салыгына жана капиталдын өсүшүнө карата салыктарга.
Муну ырастоо үчүн, Макулдашуучу Мамлекеттердин ыйгарым укуктуулары ушул Макулдашууга кол коюшту.
_________________, _______________ эки нускада, ар бири кыргыз, англис жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болгон учурда англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Өкмөтү үчүн |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 11-майы № 150-б
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 3-ноябрындагы № 390-б буйругунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы кирешелерге жана капиталдын өсүшүнө кош салык салууну четтетүү жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 3-ноябрындагы № 390-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы кирешелерге жана капиталдын өсүшүнө кош салык салууну четтетүү жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 3-ноябрындагы № 390-б буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Өкмөтү кирешелерге жана капиталдын өсүшүнө кош салык салууну четтетүү жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуу түзүүнү каалап,