Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 2-августу № 317-б
Ак ниет эмгеги, автожол курулушун өнүктүрүүгө салым кошкондугу үчүн, "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо-изилдөө институтунун 50 жылдыгын майрамдоого байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйлансын:
Жекшеев Мирислан Сарычалович
| Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо-изилдөө институтунун комплекстүү жол бөлүмүнүн автожолдордун курулушуна автордук'көзөмөл жүргүзүү боюнча сектордун туруктуу инженеринин жардамчысы;
|
Мамбеталиев Маматбек Токтобекович
| Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо-изилдөө институтунун комплекстүү жол бөлүмүнүн начальниги.
|
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |