Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
тескемесине ылайык күчүн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2017-жылдын 13-июну № 404
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жобонун 15-пунктуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин коллегия мүчөлөрү төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Тышкы иштер министри (коллегиянын төрагасы);
министрдин биринчи орун басары;
статс-катчы;
министрдин орун басары;
министрдин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;
өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин катчылыгынын жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кадрдык иштер департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык-укуктук департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Биринчи саясий департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Экинчи саясий департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Үчүнчү саясий департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Төртүнчү саясий департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин тышкы саясатты талдоо, пландоо жана координациялоо департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык уюмдар жана коопсуздук департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Интеграциялык бирикмелер департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Административдик иштер департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстандын түштүгү боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 30-июнундагы № 290 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |