Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 4-октябры № 412
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Борбордук Азия үчүн экологиялык реабилитациянын эсеби боюнча Кыргыз Республикасында операцияларды жүргүзүү жөнүндө алкактык макулдашуунун расмий тилдеги долбоору (расмий эмес котормо) жактырылсын.
2 Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрине жогоруда аталган Алкактык макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |