Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 374-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 14-августу № 336-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-мартындагы № 80-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгүнүн төрагаларынын тизмесинде:
- 1-4-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
1 | Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
2 | Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-россия комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри |
3 | Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-украин биргелешкен комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын Экономика министри |
4 | Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-беларусь биргелешкен комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри |
".
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |