Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 10-августу № 330-б
2017-жылдын 24-25-августунда Бишкек шаарында өтүүчү Ак илбирсти сактоо боюнча эл аралык форумду уюштурууну жана өткөрүүнү камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-январындагы № 53 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Ишеним жана биримдик" программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылга иш-аракеттер планына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери Ак илбирсти сактоо боюнча эл аралык форумга катышуучу чет мамлекеттердин расмий адамдарынын, мамлекеттик, өкмөттүк, парламенттик делегацияларынын (мындан ары - Форумдун катышуучулары) Кыргыз Республикасына/нан кирүү-чыгуусун консулдук жыйымдарды албастан тариздөөгө көмөк көрсөтүшсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ушул буйруктун 1-пунктунда аталган тиешелүү документтерди макулдашуу боюнча чечимдерди ыкчам тартипте кабыл алсын.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы Форумдун катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан оперативдүү өтүүгө көмөк көрсөтсүн.
4. "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна Форумдун катышуучуларынын келип конууларын/учуп кетүүлөрүн уюштурууга төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөрдү берүү менен көмөк көрсөтүү сунушталсын:
- Форумдун катышуучуларын "Манас" азровокзалдык комплексинин аянтына түшүрүү/чыгаруу үчүн транспорттун кирүү мүмкүнчүлүгүн;
- Форумду уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин мүчөлөрүнө Форумдун катышуучуларын контролдоо жол-жоболорунан өтүп жатканда тосуп алуу үчүн "Манас" аэровокзалдык комплексиндеги конуу залына кирүү мүмкүнчүлүгүн;
- "Манас-2" аэровокзалдык комплексинин аймагындагы парковкалык жайларга Форумдун катышуучуларын ташууга тартылган автотранспорттун кирүү мүмкүнчүлүгүн (мамлекеттердин биринчи адамдарынын аба кемелерин тейлөө боюнча иш-чаралар болбосо).
5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Форумдун катышуучуларын коштоп жүрүүнү камсыздасын.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнө жана агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С. Ш. Жээнбеков |
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ