Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 07-июлу № 282-б
Кыргыз Республикасында Көз Карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин мугалимдеринин жана билим берүү кызматкерлеринин V съездин өз убагында даярдоону жана өткөрүүнү камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасында Көз Карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин мугалимдеринин жана билим берүү кызматкерлеринин V съездин даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - Съезд) тиркемеге ылайык түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети эки айлык мөөнөттө Съездди даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери (макулдашуу боюнча) уюштуруу комитетинин ишине ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн.
4. Уюштуруу комитетинин ишин уюштуруучулук, техникалык жана башка жактан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине жүктөлсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С. Ш. Жээнбеков |
Тиркеме
Кыргыз Республикасында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин мугалимдеринин жана билим берүү кызматкерлеринин V съездин өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ
Социалдык маселелерди тескөөчү Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Финансы министри;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкаруучусу (макулдашуу боюнча);
Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык өнүктүрүү, тарых жана маданият маселелери боюнча бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы.