Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2017-жылдын 21-июлу № 489
Женил атлетика боюнча Азия чемпионатынын жыйынтыктары боюнча жогорку спорттук натыйжаларга жетишкендиктери үчүн, массалык спортту жайылтууга багытталган иш-чаралардын социалдык маанилүүлүгүн көнүлгө алып, '.'Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан энчилүү саат жана акчалай каражат менен төмөнкүлөр сыйланышсын:
100 000 (жүз миң) сом өлчөмүндө:
- Маслова Дарья Владимировна;
50 000 (элүү миң) сом өлчөмүндө:
- Борисова Татьяна Викторовна, жеке машыктыруучу;
20 000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө:
- Кыштакбеков Адилет Кыштакбекович;
- Борисов Виктор Федорович, жеке машыктыруучу.
2. Байге ээлерин жана алардын жеке машыктыруучуларын акчалай каражат менен сыйлоо үчүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунан Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына 190 000 (бир жүз токсон миң) сом бөлүнсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |