Редакцияот 07.07.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2017-жылдын 14-августу № 338-б

Жеке өнөктөшкө мамлекеттик финансылык колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 256-1-беренесине жана "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен "Fresenius Medical Care Deutschland GmbH" компаниясынын ортосунда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча "Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында гемодиализ кызмат көрсөтүүлөрүн уюштуруу" мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу жөнүндө макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору бекитилсин.

 

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков