Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 23-ноябры № 504-б
Экономиканын байкоого алынбаган секторунун деңгээлин кыскартуу боюнча мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-октябрындагы № 536-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган буйруктун тиркемесинде:
- "Мөөнөттөр" графасынын 8 жана 8.2-пункттарындагы "III" жана "2016" деген цифралар тийиштүү түрдө "II" жана "2017" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- "Мөөнөттөр" графасынын 8.1-пунктундагы "III" жана "2016" деген цифралар тийиштүү түрдө "I" жана "2017" деген цифралар менен алмаштырылсын.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |