Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 1-июну № 197-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте:
- "Кыргыз Республикасындагы Адамдар-Адамдарга-ХОУП" долбоору боюнча Саламаттык сактоо фондунун филиалы тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына гуманитардык жардам көрсөтүү максатында берилген 2011-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № 410400В0001889, көлөмү V = 2890 см3, кузовунун № 396200В0205844, өңү ачык-боз, "УАЗ 396292-016" маркасындагы автотранспорт каражатын мамлекеттик менчикке кабыл алсын;
- жогоруда аталган автотранспорт каражатын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына оперативдүү башкарууга өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы белгиленген тартипте ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын оперативдүү башкарууга кабыл алсын жана наркын бааласын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |