Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 7-июну № 210-б
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаментинин илим чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча иши үчүн шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 222-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаментин жайгаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Бишкек шаары, Чүй проспекти, 265-а дарегинде жайгашкан башкы корпусунун имаратынан кызматтык жайларды акысыз негизде, коммуналдык кызматтарды жана өндүрүштүк чыгымдарды төлөө шарты менен белгиленген тартипте берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаментин жайгаштырууга байланыштуу уюштуруу маселелерин чечсин.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С. Ш. Жээнбеков |