Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 8-июну № 214-б
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2195-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программаны ишке ашыруу, биринчи кезекте Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун инфраструктурасын жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар Баткен облусунун Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунун айылдарынын жана участокторунун социалдык-экономикалык инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Иш-чаралар планынын аткарылышын камсыз кылышсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар чек арага чектеш аймактарын өнүктүрүүгө 2017-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралган каражаттардын чегинде Иш-чаралар планын белгиленген тартипте өз учурунда каржылоону камсыз кылсын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр | С. Ш. Жээнбеков |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар Баткен облусунун Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунун айылдарынын жана участокторунун социалдык-экономикалык инфраструктурасын жакшыртуу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Иш-чаранын мазмуну | Аткаруу мөөнөттөрү | Талап кылынуучу сумма (млн. сом) | Каржылоо булактары | Жооптуу аткаруучулар |
1 | Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Кара-Токой айылында суу түтүктөр тарамын куруу (3 км) | 2017-жыл | 0,02 | Өзгөчө статусу бар чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүүгө каралган каражаттардын эсебинен | Курулуш агенттиги, Финмин, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү |
2 | Баткен районунун Кыштут айыл аймагынын Согмент айылында суу түтүктөр тарамын куруу | 2017-жыл | 4,4 | Өзгөчө статусу бар чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүүгө каралган каражаттардын эсебинен | Курулуш агенттиги, Финмин, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү |
3 | Баткен районунун Самаркандек айыл аймагынын Самаркандек айылында скважина куруу | 2017-жыл | 2,1 | Өзгөчө статусу бар чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүүгө каралган каражаттардын эсебинен | Курулуш агенттиги, Финмин, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү |
4 | Баткен районунун Самаркандек айыл аймагынын Паскы-Арык айылында скважина куруу | 2017-жыл | 0,8 | Өзгөчө статусу бар чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүүгө каралган каражаттардын эсебинен | Курулуш агенттиги, Финмин, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү |
5 | Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын Раззаков атындагы айылында спорт зал куруу | 2017-жыл | 10,4 | Өзгөчө статусу бар чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүүгө каралган каражаттардын эсебинен | Курулуш агенттиги, Финмин, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү |
6 | Лейлек районунун Исфана шаарынын Мурза-Патча айылында бала бакча куруу | 2017-жыл | 5,3 | Өзгөчө статусу бар чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүүгө каралган каражаттардын эсебинен | Курулуш агенттиги, Финмин, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү |
7 | Козу-Баглан суусунда жайгашкан жана Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Борбордук, Арка-2 айылдарын суу менен камсыз кылуучу "Арка" суу түтүктөр тарамынын башкы курулмасын реконструкциялоо | 2017-жыл | 13,9 | Өзгөчө статусу бар чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүүгө каралган каражаттардын эсебинен | Курулуш агенттиги, Финмин, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү |
8 | Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын "Сада" участогунда суу түтүктөр линиясын куруу | 2017-жыл | 1,1 | Өзгөчө статусу бар чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүүгө каралган каражаттардын эсебинен | Курулуш агенттиги, Финмин, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү |
9 | Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка-2 айылында суу түтүктөр линиясын куруу | 2017-жыл | 16,1 | Өзгөчө статусу бар чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүүгө каралган каражаттардын эсебинен | Курулуш агенттиги, Финмин, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү |
10 | Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Борбордук айылында суу түтүктөр линиясын куруу | 2017-жыл | 11,3 | Өзгөчө статусу бар чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүүгө каралган каражаттардын эсебинен | Курулуш агенттиги, Финмин, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү |
11 | Кадамжай районунун Алга айыл аймагынын Алга айылында участкалык оорукананы капиталдык оңдоо | 2017-жыл | 0,9 | Өзгөчө статусу бар чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүүгө каралган каражаттардын эсебинен | Курулуш агенттиги, Финмин, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү |
12 | Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын Гүлдүрөмө айылында ("Жаңы-Жер участогу") 50 орундуу бала бакча куруу | 2017-жыл | 18,0 | Өзгөчө статусу бар чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүүгө каралган каражаттардын эсебинен | Курулуш агенттиги, Финмин, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү |
13 | Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн (Кыргыз-Кыштак айылы) административдик имаратын куруу | 2017-жыл | 3,3 | Өзгөчө статусу бар чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүүгө каралган каражаттардын эсебинен | Курулуш агенттиги, Финмин, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү |
| Жыйынтыгы: | 87,62 |
|
| |