Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 8-июну № 216-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-мартындагы № 60-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топтун курамына төмөнкүлөр киргизилсин:
Асанов Курсан Сатарович - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары;
Каденова Зууракан Ажимаматовна - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары;
- А.К.Орозалиев, Л.У.Мамытова ведомстволор аралык жумушчу топтун курамынан чыгарылсын;
- он бешинчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматынын директору" деген сөздөр менен алмаштырылсын;".
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |