КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек ш., Өкмөт Үйү 2001-жылдын 8-майы ПУ N 159 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН УКАЗЫ Кыргыз Республикасында микрокредит берүү системасын өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасында жакырчылыкты жоюуда жана социалдык жактанмобилизациялоодо микрокредит берүү институтун өнүктүрүүнүн дурустажрыйбасын таануу менен микрокредит берүү системасын өнүктүрүүнүнжагымдуу шарттарын түзүү, Кыргыз Республикасынын калкынын экономикалыкжактан адилеттүү өсүшүнө көмөк көрсөтүү, жакырчылыкты азайтуу жана ишменен көбүрөөк камсыз кылуу максатын көздөп, токтом кылам: 1. Уюштуруу документтеринин негизинде иштеген жана микрокредит берүүишин жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын күбөлүгү барюридикалык жактар микрокредит берүү боюнча ишти жүргүзүүгө укуктууэкендиги белгиленсин. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Улуттукбанкы менен бирдикте үч айлык мөөнөттө: - микрокредит берүү боюнча иш жүргүзүүгө күбөлүктөрдү берүүнүнжөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жоболорун иштеп чыксын жана бекитсин; - микрокредит берүүчү уюмдардын ишин мамлекеттик жөнгө салуунунжөнөкөйлөштүрүлгөн тартибин белгилесин; - микрокредит берүүчү уюмдардын экономикалык жана чарбалык өзалдынчалуулугун камсыз кылуучу боюнча чараларды кабыл алсын; - сөзсүз болуучу кредиттик чыгымдарды жабууга резерв түзүүмикрокредит берүүчү уюмдардын чыгымдарын салык салынуучу базаданчыгарып салуу маселеси боюнча сунушту Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин кароосуна белгиленген тартипте киргизсин. 3. Бул Указдын аткарылышына контролдук кылуу милдети КыргызРеспубликасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык саясатбөлүмүнө жүктөлсүн.4. Бул Указ жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев