Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2017-жылдын 28-июлу № 497
Кесиптик милдеттерин ак ниет аткаргандыгы үчүн, Кыргыз Республикасынын Курулушчулар күнүн майрамдоого байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1.Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан энчилүү саат менен сыйлансын:
Шаповалова Татьяна Александровна | "Бишкеккурулуш" өндүрүштүк-курулуш фирмасы ачык акционердик коомунун долбоорлоо тобунун директору.
|
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан төмөнкүлөргө алкыш жарыялансын:
Ботоев Ишен Кычыевичке
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жөнгө салуучу иш бөлүмүнүн башчысы;
|
Абдуллаев Замир Сапаровичке
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментинин Ысык-Көл облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башкы инженери; |
Кенжетаев Камчыбек Исмаиловичке
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Сейсмикалык курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директорунун орун басары;
|
Шинкаренко Анатолий Анатольевичке
| "Бишкеккурулуш" өндүрүштүк-курулуш фирмасы" ачык акционердик коомунун № 7 курулуш-монтаждоо башкармалыгынын электр газ ширетүүчүсү; |
Эсенкулов Закир Анаркуловичке
| "Бишкеккурулуш" өндүрүштүк-курулуш фирмасы" ачык акционердик коомунун № 1 курулуш-монтаждоо башкармалыгынын башкы инженери; |
Абдраимов Алымбек Мекеновичке
| "Атреум" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы архитектору.
|
Премьер-министр | С. Ш. Жээнбеков |