Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 14-июну № 231-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү өзгөргөндүгүнө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-ноябрындагы № 442-б буйругу менен бекитилген "Финансылык секторду өнүктүрүү" долбоорун ишке ашырууну контролдоону камсыздоо боюнча Байкоочу комитеттин курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- алтынчы абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын мүчөсү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- сегизинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Премьер-министр | С. Ш. Жээнбеков |