Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 13-июну № 228-б
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте:
- "Шевроле-Нива 2123" маркасындагы 2008-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № 02662211, кузовунун № Х9L21230080250414, ак түстөгү автотранспорт каражатын мамлекеттин менчигине кабыл алсын;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо ишинде пайдалануу үчүн ушул автотранспорт каражатын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин ыкчам башкаруусуна өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаменти ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын белгиленген тартипте ыкчам башкарууга кабыл алсын жана арналышы боюнча пайдалансын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр | С. Ш. Жээнбеков |