Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 13-июну № 226-б
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Улуттар Уюмунун өнөр жайды өнүктүрүү боюнча уюмунун ортосундагы Төлөнбөгөн чегерилген төгүмдөр боюнча карыздарды жөнгө салуу жөнүндө макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Австрия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчисине, Вена шаарындагы Европадагы жана башка эл аралык уюмдардагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун алдындагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлүнө принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жогоруда аталган Макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | С. Ш. Жээнбеков |