РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы № 225-б (5-октябрь жыл сайын белгиленүүчү Кыргыз Республикасында кырсыктардан тобокелин азайтуу күнү деп жарыялоо жөнүндө) буйругу

Редакция13.06.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2017-жылдын 13-июну № 225-б

Адамдарды куткарып калуунун жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуунун социалдык маанилүүлүгүн эске алуу менен, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

5-октябрь жыл сайын белгиленүүчү Кыргыз Республикасында кырсыктардан тобокелин азайтуу күнү деп жарыялансын.

 

Премьер-министр

С. Ш. Жээнбеков