Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 18-августу № 354-б
Авиаташуулар рыногун либералдаштыруу жолу менен жарандык авиацияны андан ары өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Авиаташуулар рыногун либералдаштыруу жолу менен жарандык авиацияны өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын кадамдык планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кадамдык планды ишке ашырууга тартылган министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор:
- Кадамдык планды ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн;
- жарым жылда бир жолу отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейин Кадамдык планды аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги жарым жылда бир жолу отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Кадамдык планды аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С. Ш. Жээнбеков |
Тиркеме
Авиаташуулар рыногун либералдаштыруу жолу менен жарандык авиацияны өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын КАДАМДЫК ПЛАНЫ
№ | Милдет/максат | Иш-чара | Күтүлүүчү натыйжа | Ишке ашыруу мөөнөтү | Каржылоо булагы | Жооптуу аткаруучулар | Эскертүү |
I. Эл аралык ташуулар жана авиациялык инфраструктура | |||||||
1 | Авиаташуулардын рыногуна жеткиликтүүлүктү жөнөкөйлөтүү | 1) ЧУАга жана зарылчылыгына жараша "ачык асман" саясатынын "аба боштугу" 5-баскычтагы режимин киргизген Аба кодексине бир жактуу тартипте, анын ичинде башка өлкөлөрдүн аба кемелеринин Кыргыз Республикасынын аймагына жана аймагы аркылуу учууларды ишке ашырууну жөнгө салган айрым Авиациялык эрежелерге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу. | 1) Жарандык авиация максатында аба каттамдарын пайдаланууга жеткиликтүүлүгү жөнөкөйлөтүлөт. Учуулардын географиясы кеңейтилет. | 2018-жылдын I кварталынын аягына чейин | Республикалык бюджет/эксперттик-консультациялык кызматтардын акысын төлөө үчүн инвестициялык/донордук каражаттар | ТЖМ, ЖАА, кызыкдар министрликтер жана ведомстволор | Кыргыз Республикасынын авиациялык жана улуттук коопсуздугун камсыздоону эске алуу менен |
|
| 2) Кыргыз Республикасынын авиарыногун либералдаштыруу максатында: - чет элдик жана ата мекендик авиакомпаниялардын атаандаштык тарифтеринин негизинде операторлор/аэропорттук инфраструктуранын кызмат көрсөтүүчүлөрү жана кошумча кызматтары (аэропорттогу жер бетиндеги тейлөө, бортто тамактануу боюнча кызматтар, аба кемени тазалоо боюнча кызматтар, жүргүнчүлөрдү тейлөө, күйүүчү майды алып келүү ж.б.) тарабынан сапаттуу жана кардарга багытталган кызмат көрсөтүүлөрдү камсыздоо жана уюштуруу боюнча суроолорду иштеп чыгуу; - аба кемесинде учкучтардын жетишпегендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чет элдик учкучтарды ата мекендик авиакомпаниялар аба кемелеринин командирлери катары 3-5 жыл пайдаланууга уруксат берүү жөнүндө токтомдун долбоорун иштеп чыгуу жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүү; - чет элдик жеке/юридикалык жактарды авиациялык багыттагы кызматтарды тартуу. | 2) Авиациялык тармакты экономикалык жөнгө салуунун жаңы принциптерин киргизүү. Тажрыйбалуу чет элдик учкучтарды тартып келүү жана Кыргыз Республикасынын Жарандык авиациясынын авиациялык персоналын кеңейтүү. Чет элдик компаниялардын авиацияга дайындалган кызмат көрсөтүүлөрүн кеңейтүү. | 2018-жылдын IV кварталынын аягына чейин |
|
|
|
|
| 3) Жогоруда аталган (1) жана (2) көңүлгө алуу менен кошумчалоо/өзгөртүү зарылдыгынын предметине абадагы укук чөйрөсүндөгү жана чектеш чөйрөдөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамына талдоо жүргүзүү. | 3) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү. "Ачык асман" саясатын киргизүү. | 2017-жылдын IV кварталынын аягына чейин |
|
|
|
2 | Аба транспортунда жүргүнчү агымын көбөйтүү. | 1) Электрондук визаларды берүү боюнча системаны киргизүүнү тездетүү. | 1) Чет элдик туристтерди тартуу. Аба транспорту менен жүргүнчү ташуулардын көлөмү өсөт, Кыргыз Республикасынын экономикасына туристтердин капиталын тартып келүү, жарандык авиациянын жана туризм тармагынын өнүгүүсүнө өбөлгө түзүүчү туроператорлор жана туристтик тармакты өнүктүрүү тармагынын иштин илгерилетүү. | 2017-жылдын III кварталынын аягына чейин | Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети/инвестициялар | ТИМ, ТЖМ, УКМК, МЧК, туризм ассоциациясы (макулдашуу боюнча) |
|
|
| 2) Бишкек. Ош ж.б. шаарларынын аэропортторунда (е-gate) машина менен окуган жабдууну колдонуу аркылуу биометрикалык маалыматтарды камтыган паспорттор үчүн текшерүү мүмкүнчүлүгүн түзүү. | 2) Тейлөөнүн сапатын жогорулатуу үчүн Бишкек жана Ош аэропортторунда жүргүнчүлөрдүн бажы жана чек ара контролдорунан өтүүсүн 60-70% тездетүү. Тейлөө сапатын жогорулатуу. | 2017-жылдын III кварталынын аягына чейин |
|
| 2) "Эл аралык жарандык авиация жөнүндө" Чикаго конвенциясына "Формалдуулукту жөнөкөйлөтүү" 9-тиркемесине ылайык |
|
| 3) Бишкек жана Ош аэропортторунда кардарларга багытталган сервиси бар транзиттик залдарды түзүү жана иштетүү маселелери иштелип чыгуу (транзиттик жүргүнчүлөрдүн убактылуу тыныгуу залдары). | 3) "Манас" эл аралык аэропортуна келген жана транзиттик жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн кошумча телескоптук трапты орнотуп аэровокзалдык комплексте (АВК-2) зарыл болгон шарттарды түзүү. | 2018-жылдын IV кварталынын аягына чейин |
|
|
|
|
| 4) "ЖАА-Аэропорт-Авиакомпаниялар-Туризм/Туроператорлор ассоциациясы" форматында тейлөөнүн сапатын жогорулатуу боюнча Кеңеш берүү кеңешин түзүү жана анын жыйындарын кварталына 1 жолу ЖААнын эгидасы астында өткөрүү. | 4) "МАМ" ААК жана авиакомпаниялардын кызматкерлери Консультациялык кеңештин сунуштарын эсепке алуу менен тейлөө сапатын жакшыртуу. | 2017-жылдын III кварталынын аягына чейин |
|
|
|
II. Ички ташуулар жана авиациялык инфраструктура | |||||||
3 | Аба кемелеринин паркын жаңыртууга өбөлгө түзүүчү жагымдуу шарттарды түзүү аркылуу авиарынокту либералдаштыруу. | 1) Аба кемелерин убактылуу алып келүүгө карата бажы алымдарын. салыктарды төлөөдөн толук шарттуу бошотууга карата ЕАЭБдин тиешелүү оңдоолорду киргизүүнү демилгелөө. | Ата мекендик авиакомпаниялардын тейлөө сапатын, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана учуулардын коопсуздугун жогорулатуу. Авиа ташуучулардын сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртуу. | 2018-жылдын IV кварталынын аягына чейин | Талап кылынбайт | ЭМ, МБК, ТЖМ, ЖАА |
|
4 | Аэропорттордун инфраструктурасын модернизациялоо жолу менен аэропортторду өнүктүрүү жана колдоо. | 1) "МЭА" ААКы кызмат көрсөтүү жана кардарларга багытталуу сапатын жогорулатуу боюнча ишти тартипке келтирүү жана натыйжалуулугу, эл аралык стандарттарды киргизүү жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу боюнча маселелерди иштеп чыгуу, айрым багыттарды ауцтсорсингге берүү жана/же заманбап моделдерин пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кароо | 1) Бишкек, Ош ж.б. шаарларынын аэропортторунун сервистин, кызмат көрсөтүү сапатын, кардарга багытталуу жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү. | 2018-ж. III кварталынын аягына чейин | Тартылган инвестициялар жана "МЭА" ААКынын жеке каражаттары | ТЖМ, ТИМ, ЖАА, "МЭА" ААКы (макулдашуу боюнча) |
|
|
| 2) Бишкек, Ош, Баткен жана Каракол аэропорттору боюнча аларды алдыдагы 10-20 жылдарга өнүктүрүүгө көңүлгө алуу менен мастер-планды иштеп чыгуу | 2) Кыргыз Республикасынын аэропортторунун тармактарын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана аэропорттордун кызмат көрсөтүүлөрүн өркүндөтүү. Атаандаштыкты көбөйтүү жана тейлөөнүн сапатын жогорулатуу | 2018-ж. IV кварталынын аягына чейин | Чет мамлекеттердин техникалык жардамынын программаларын жана донорлордун каражаттарын тартып келүү | ТЖМ, ТИМ, ЖАА, "МЭА" ААКы (макулдашуу боюнча) |
|
5 | "Манас" эл аралык аэропортунда экинчи учуу-конуу тилкесинин куруу | Экинчи учуу-конуу тилкесин куруу үчүн жер участогун бөлүп берүү боюнча маселени иштеп чыгуу жана чечүү, каржылоо булактарын аныктоо, ТЭНди иштеп чыгуу | 1) "Манас" эл аралык аэропортунда өткөрүү жөндөмдүүлүгүн көбөйтүү. Учуу-конуу тилкесинин бири оңдолуп жаткан убакта учуулардын үзгүлтүксүздүгүн камсыздоо | 2020-ж. IV кварталынын аягына чейин | Республикалык бюджет/ "МЭА" ААКынын жеке каражаттары жана инвестицияларды тартуу | ММБФ, ТЖМ, "МЭА" ААКы |
|
6 | Аэропорттордун айланасындагы жерлерди пайдаланууну тартипке келтирүү | Ар бир аэродром үчүн курулуштун чектелүү зонасын бекитүү жана аэродромдорду шаарлардын генералдык пландарына киргизүү жана калк жайгашкан пункттардын жерлерин куруу жана пайдалануу эрежелери | Аэропорттордун айланасына мыйзамсыз курууларды болтурбоо | 2018-ж. IV кварталынын аягына чейин | Талап кылынбайт | ЖӨБО (макулдашуу боюнча) Мамкурулуш, ЖАА, ТЖМ |
|
7 | ИКАОнун стандарттарына ылайык Кыргыз Республикасынын навигация жана кондуруунун спутниктик системасын киргизүү | 1) ИКАОнун стандарттарына ылайык зоналдык жана спутниктик навигацияны киргизүү үчүн жердин санариптик моделин түзүү максатында Кыргыз Республикасынын аэродромдорунун райондорунда тоскоолдорду сүрөткө тартуу. | 1) Аба кемесинин конуусунда учуунун коопсуздугуна таасир берүүчү тоскоолдуктарды азайтуу. Спутниктик жана зоналдык навигация үчүн приборлор боюнча конууга жана учуп чыгуу схемаларын эсептеп чыгуу максатында актыларды ИКАОнун стандарттарына ылайык келтирүү | 2018-жылдын IV кварталынын аягына чейин | Республикалык бюджет/тартылган инвестициялар | ТЖМ, "МЭА" ААКы (макулдашуу боюнча), ЖАА, "КАН" МИ |
|
|
| 2) Локалдык-түзөтүүчү станциялардын тармагын түзүү | 2) Кыргыз Республикасынын бардык аэропортторуна аба кемелеринин учууларынын үзгүлтүксүздүгүн камсыздоонун мүмкүнчүлүгү (ар кандай метеошарт-тарында). | 2018-жылдын IV кварталынын аягына чейин |
| ТЖМ,ФМ, "КАН"МИ |
|
|
| 3) Аба кемелеринин ата мекендик наркын зоналдык жана спутниктин навигацияны пайдалануу максатында тиешелүү жабдуулар менен жабдуу. | 3) Аба кемесин коопсуз жана так кондурууну камсыздоо. | 2018-жылдын IV кварталынын аягына чейин |
| ТЖМ, ЖАА, "МЭА" ААКы (макулдашуу боюнча), 'КАН" МИ |
|
|
| 4) "Кыргыз-аэронавигация" МИге картографиялык камсыздоонун структурасын түзүү жана Кыргыз Республикасынын аэродромдору үчүн конуу жана учуп чыгуу схемаларын камсыз кылуу жана иштеп чыгуу. | 4) ИКАОнун стандарттарын сактоо. Конуу/учуп чыгуунун адекваттуу схемаларын Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануучуларга берүү чөйрөсүндөгү учуулардын коопсуздугун жогорулатуу, ошондой эле аэронавигациялык карталарды берүү. | 2018-ж. IV кварталынын аягына чейин |
| ТЖМ, ЖАА, "МЭА ААКы (макулдашуу боюнча), "КАН" МИ |
|
|
| 5) ЖААнын инспекторлорун конуу/учуп чыгуу чөйрөсүндөгү учуулардын коопсуздугуна көзөмөл жүргүзүү максатында окутуу жана аэронавигациялык карталарды берүү | 5) ЖААнын инспекторлорунун квалификациясын жогорулатуу. Конуу/учуп чыгуу схемаларын иштеп чыгуу жаатындагы учуулардын коопсуздугуна тажрыйбалуу көзөмөлдү камсыздоо жана аэронавигациялык карталарды берүү. Зоналдык жана спутниктик навигацияларды авиакомпаниялардын жана аба кыймылын тейлөө кызматын көрсөтүүчүлөрүн пайдалануу | 2018-жылдын III кварталынын аягына чейин |
|
|
|
III. Формалдуулукту жөнөкөйлөтүү жана Кыргыз Республикасынын авиакомпанияларын Европа союзунун "кара тизмесинен'' чыгаруу | |||||||
8 | Эл аралык стандартты авиарынокту либералдаштыруу максатында каралган эл аралык учууларды аткаруудагы формалдуулукту жөнөкөйлөтүү бөлүгүнө киргизүү, маморгандар тарабынан кайталоо функцияларын кыскартуу | Төмөнкүлөрдү иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү: - эл аралык учууларды аткарууда формалдуулукту жөнөкөйлөтүү жана авиациялык коопсуздук боюнча ведомстволор аралык комитетти түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругунун долбоору; | Авиациялык коопсуздуктун формалдуулугун жөнөкөйлөтүү аспектинде эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык келтирүү | 2017-жылдын IV кварталынын аягына чейин | Талап кылынбайт | ЖАА, ТЖМ, министрликтер жана ведомстволор |
|
- эл аралык учуулардын аткарууда Кыргыз Республикасынын формалдуулукту жөнөкөйлөтүү боюнча Өкмөттүн программасын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору; |
| 2017-жылдын IV кварталынын аягына чейин |
|
|
| ||
- авиациялык коопсуздук жана эл аралык учууларды аткарууда формалдуулукту жөнөкөйлөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасында ИКАОнун аудитине тыкыр даярдануу |
| 2017-жылдын IV кварталынын аягына чейин |
|
|
| ||
9 | Кыргыз Республикасынын мамлекетин жана авиакомпанияларын ЕСтин "кара тизмесинен" чыгаруу (эл аралык кызматташтык) | 1) ИКАОнун Париж бюросу менен бирге атайын иш-аракеттердин планын (АИП) өз убагында аткаруу жана ишке ашыруу. | 1) ЖААнын сертификациялоо жана көзөмөлдөө функцияларынын потенциалын жогорулатуу. ЖААнын инспекторлорунун өздөрүнүн функциялык милдеттерин сапаттуу аткаруусу | АИП мөөнөттөрүнө ылайык | Талап кылынбайт | ЖАА, ТЖМ, ФМ |
|
|
| 2) ИАТА менен өз ара түшүнүүсү жөнүндө меморандумду өз убагында аткаруу жана ишке ашыруу | 2) ЖААнын инспекторлору тарабынан сертификациялоо жана көзөмөлдөө функцияларын сапаттуу аткаруусу | Туруктуу негизде | Талап кылынбайт | ЖАА, ТЖМ, |
|
IV. Кыргыз Республикасынын авиациялык мыйзамын өркүндөтүү | |||||||
10 | Эл аралык абада ташуулардын айрым эрежелерин унификациялоо үчүн Конвенцияга кошулуу (Монреаль, 1999-жылдын 28-майы) | Монреаль конвенциясына кошулуу жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүү | Жүргүнчүлөрдү, багаждарды жана жүктөрдү ташууда авиаташуучулардын жоопкерчилигин жогорулатуу | 2020-жылдын IV кварталынын аягына чейин | Талап кылынбайт | ЖАА, ТЖМ. ТИМ, министрликтер жана ведомстволор |
|
11 | Кейптаун шаарында 2001-жылдын 16-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын кыймылдуу жабдууларга карата эл аралык кепилдиктин конвенциясына жана кыймылдуу жабдууларга карата эл аралык кепилдиктин конвенциясына карата авиациялык жабдуулар боюнча Протоколуна кошулуу | КР ЖКга андан ары жиберүү үчүн "Кейптаун конвенциясын ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүү | 1) Күрөө мамилелери маселелерин жөнгө салуучу эл аралык режимди түзүү, авиациялык объекттерге менчик укугун жана лизингдик укуктарын резеврдөө 2) Авиациялык объекттерге камсыздоочу кепилдигин, менчик укугунун жана лизингдик укугунун кепилдигин сактоону түзүүгө, бекемдөөгө, ишке ашырууга өбөлгө түзүүчү жана кредит алуучулар үчүн тобокелчиликти төмөндөтүүгө жана кымбат баадагы авиациялык жабдууларды сатып алууга кредит берүүгө өбөлгө болуучу эл аралык режимди түзүү | 2020-жылдын IV кварталынын аягына чейин | Талап кылынбайт | ЖАА, ТЖМ, ТИМ, министрликтер жана ведомстволор |
|
12 | ИКАО стандарттарын макулдашуу/бекитүү/киргизүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана кайталоо функцияларын жоюу | Кыргыз Республикасынын ЧУАларына өзгөртүү киргизүү, атап айтканда: - Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелерине ИКАО стандарттарын макулдашуу/бекитүү/киргизүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү; | Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелерине ИКАОнун стандарттарын өз убагында киргизүү | 2017-жылдын IV кварталынын аягына чейин | Талап кылынбайт | ЖАА, ТЖМ, ФМ, ЮМ |
|
| - финансылык жана квалификациялык эмгек ресурстарын камсыздоо | ИКАОнун сунуштарын аткаруу |
|
|
|
| |
Кыскартылган аталыштардын тизмеси:
ТЖМ | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги; |
ЖАА | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги; |
ТИМ | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги; |
ММТМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги; |
УКМК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети; |
МЧК | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы; |
"МЭА" ААКы | - | "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому; |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги; |
"КАН" МИ | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасы; |
ЮМ | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги; |
ММБФ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд; |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары; |
Мамкурулуш | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги; |
ЛКС | - | локалдык-корректировкалоочу станция; |
АИП | - | атайын иш-аракеттер планы; |
ИКАЛ | - | Жарандык авиациянын эл аралык уюму; |
ЧУА | - | ченемдик укуктук акт; |
ИАТА | - | Аба транспортунун эл аралык ассоциациясы. |