РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-сентябрындагы № 402-б (Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин финансы рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарын шайкеш келтирүү жөнүндө макулдашуунун расмий тилде долбоорун жактыруу жөнүндө) буйругу

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

 2017-жылдын 15-сентябры № 402-б

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-августундагы № 283-б буйругунун редакциясына ылайык)

1. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин финансы рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарын шайкеш келтирүү жөнүндө макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Ж.П.Разаковго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-августундагы № 283-б буйругунун редакциясына ылайык)

 

Премьер-министр

С. Дж. Исаков