Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 12-сентябры № 398-б
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-главасына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлигинин өкүлчүлүгүнүн арызынын негизинде төмөнкү автотранспорт каражаттарын белгиленген тартипте мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажы жол-жобосунда жайгаштырылсын:
- 2001-жылы чыгарылган саргыч-жез түстөгү, кузовунун № KMHSC81BPIU82840, кыймылдаткычынын № G4JS1474663 "Хундай-Сантафе" маркасындагы автомашинаны;
- 2000-жылы чыгарылган, көк-жашыл түстөгү, кузовунун № XTA21310010026693, кыймылдаткычынын № 65499153 ''Нива 2131" маркасындагы автомашинаны.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автотранспорт каражаттарын белгиленген тартипте мамлекеттик менчикке кабыл алсын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине оперативдүү башкарууга белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автотранспорт каражаттарын белгиленген тартипте оперативдүү башкарууга кабыл алсын жана бааласын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С. Дж. Исаков |