Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 781-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 4-октябры № 452-б
2017-жылдын 15-октябрында болуучу Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону натыйжалуу уюштуруу жана өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого эл аралык байкоочулар катары чакырылган расмий адамдарга, чет мамлекеттердин мамлекеттик, өкмөттүк, парламенттик делегацияларына жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасынын кирүү/чыгуу визаларын тариздөөдө консулдук жыйымдарды албастан көмөк көрсөтүшсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ыкчам түрдө ушул буйруктун 1-пунктунда аталган тиешелүү документтерди макулдашуу боюнча чечим кабыл алышсын.
3. "Манас" эл аралык аэропорту ачык акционердик коомуна эл аралык байкоочулардын учуп келүү/кетүүлөрүн уюштурууга көмөк көрсөтүү сунушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого эл аралык байкоочулар катары чакырылган расмий адамдарга, чет мамлекеттердин мамлекеттик, өкмөттүк, парламенттик делегацияларына, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнө ыкчам түрдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүүгө көмөк көрсөтсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| С. Дж. Исаков |