Мазмунга
ДалилКыргыз Республикасынын укуктук китепканасы
Меню
Далилден сураңыз
Тил
Башкы бетКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүӨзгөртүүлөрСервис жөнүндөДалилден сураңыз
Каталог/Распоряжение
РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 434-б (Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана чыңдоо жөнүндө) буйругу

Реквизиттер

ОрусКырг
Номер
№ 434-р
Кабыл алынган
2017-жылдын 28-сентябры
Чыгарган
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

Реестрде

Минюст коду
215965

Минюсттун расмий барагы

Иш, бизнес жана окуу үчүн
укуктук маалымат.

Компания

Сервис жөнүндөКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүДалилден сураңыз

Компаниянын реквизиттери жана байланыштар азырынча кошула элек.

Көз карандысыз маалыматтык сервис. Маалымат КР Юстиция министрлигинин укуктук маалымат банкынан автоматтык түрдө алынган жана ката кетиши мүмкүн. Юридикалык чечимдер үчүн расмий булак менен салыштырыңыз.

© 2026 dalil.kg
Редакция28.09.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2017-жылдын 28-сентябры № 434-б

Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана чыңдоо, фермердик чарбаларга кант кызылчасын темир жол транспорту менен ташууга мамлекеттик колдоо көрсөтүү, кант тармагын туруктуу өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги:

- 2017-жылдын түшүмүнөн алынган кант кызылчасын кабыл алуу мезгилинде (2017-жылдын 1-сентябрынан 2018-жылдын 1-апрелине чейин) республика ичиндеги каттамда кант кызылчасын ташууга темир жол транспортунун кызматына тарифтердин ставкасын 2016-жылдын деңгээлинде белгилесин;

- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен биргеликте Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарына жана Евразия экономикалык комиссиясына 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин № 24 тиркемесине ылайык билдирүү жиберсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө, курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө тапшырылсын.

 

Премьер-министр

 

С. Дж. Исаков

 

 

Түзүм

Бул документте бөлүмдөр табылган жок.