КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 26-сентябры № 425-б
"Ислам азыркы дин аралашпаган мамлекетте" эл аралык конференциясын ийгиликтүү уюштуруу жана катышуучуларды тосуп алуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери 2017-жылдын 28-29-сентябрында Бишкек шаарында өтүүчү "Ислам азыркы дин аралашпаган мамлекетте" эл аралык конференциянын катышуучуларынан (мындан ары - Конференциянын катышуучулары) - чет мамлекеттердин эксперттик жана академиялык коомчулугунун өкүлдөрүнөн, мамлекеттик, өкмөттүк, парламенттик делегациялардын расмий жактарынан консулдук жыйымдарды албастан Кыргыз Республикасынын бир жолку келип/кетүү визаларын тариздөөгө жана алууга көмөк көрсөтүшсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ушул буйруктун 1-пунктунда аталган тиешелүү документтерди макулдашуу боюнча чечимдерди ыкчам тартипте кабыл алышсын.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы Конференциянын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан ыкчам тартипте өтүүгө көмөк көрсөтсүн.
4. "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна Конференцияга катышуучулардын учуп келүүсүн/учуп кетүүсүн уюштурууга төмөнкүдөй жолдор менен көмөк көрсөтүү сунушталсын:
- "Манас" аэровокзалдык комплексинин аянтына Конференциянын катышуучуларын түшүрүү/чыгаруу үчүн транспорттун кирүүсүнө жана чыгуусуна мүмкүнчүлүк берүү;
- Конференциянын катышуучулары контролдоо жол-жоболорунан өтүүдө, аларды тосуу үчүн конференцияны уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин мүчөлөрү "Манас" эл аралык аэропортунун аэровокзалдык комплексинин учуп келгендердин залына жетүүсүн камсыздоо;
- Конференциянын катышуучуларын ташууга тартылган автотранспорттун "Манас-2" аэровокзалдык комплексинин аймагында парковкалар жерине жетүүсүн камсыздоо (мамлекет жетекчилеринин аба кемелерин тейлөө боюнча иш-чаралар болбогон учурда).
5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Конференциянын катышуучуларын коштоп жүрүүнү камсыздасын.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнө, коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө, билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| С. Дж. Исаков |