Редакцияот 28.09.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2017-жылдын 28-сентябры № 433-б

"Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы (макулдашуу боюнча):

- 2017-жылдын 1-октябрына чейин декларациялоо кампаниясын аяктасын;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык 2010-жылдан тартып азыркы учурга чейин тапшырылган мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын жана башка адамдардын декларацияларын, ошондой эле тийиштүү документтерди жана материалдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына өткөрүп берсин;

- ушул иш-чараларды өткөрүүнүн мөөнөтүн көрсөтүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен бирдикте декларацияларды, документтерди жана материалдарды өткөрүп берүү-кабыл алуу боюнча жумушчу топту түзсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн декларациялардын, документтердин жана материалдардын өз учурунда кабыл алынышын камсыз кылсын.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

 

С. Дж. Исаков