Редакцияот 27.09.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

 2017-жылдын 27-сентябры № 429-б

Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 101-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кызматкерлери үчүн 2017-жылдын 30-сентябры Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 115-беренесинде каралган компенсациялоо менен жумуш күнү деп белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жана Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына 2017-жылдын 30-сентябрын жумуш күнү деп жарыялоо сунушталсын.

 

Премьер-министр

 

С. Дж. Исаков