Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2017-жылдын 3-октябры № 658
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Керималиев Жаныбек Калкановичке Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Орто-Токой суу сактагычынын суу ресурстарын мамлекеттер аралык пайдалануу жөнүндө макулдашуунун долбоорун өзбек тарап менен макулдашуу маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, ошондой эле сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү протоколго кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | С. Дж. Исаков |