Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 28-сентябры № 431-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июнундагы № 248-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- биринчи абзацында:
"Кыргыз" деген сөзгө чейин "1." деген цифра менен толукталсын;
"принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен" деген сөздөр алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 2-пункт менен толукталсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.".
Премьер-министр | С. Дж. Исаков |