Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 20-октябры № 482-б
2016-жылга Кыргыз Республикасынын тышкы жана ички карызын башкаруу, атайын жана бюджеттен тышкары каражаттарды, мамлекеттик бюджеттин ресурстарын бөлүштүрүүнүн жана пайдалануунун натыйжалуулугу, республикалык бюджетти түзүүнүн жана аткаруунун аудитинин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы көрсөткөн кемчиликтерди жоюу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. 2016-жылга Кыргыз Республикасынын тышкы жана ички карызын башкаруу, атайын жана бюджеттен тышкары каражаттарды, мамлекеттик бюджеттин ресурстарын бөлүштүрүүнүн жана пайдалануунун натыйжалуулугу, республикалык бюджетти түзүү жана аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитинин жыйынтыгы көңүлгө алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, административдик ведомстволору жана аткаруу бийлигинин башка органдары:
1) бюджеттик мекемелердин сметасына ашыкча бюджеттик ассигнованиелерди киргизүүгө жол бербешсин;
2) төмөнкүлөрдү камсыздашсын:
- келерки мезгилге программалык негизде бюджеттерди өз убагында даярдоону жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берүүнү;
- кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдуу мезгилге республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна сунуштарды сапаттуу даярдоону.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) төмөнкүлөрдү камсыздасын:
- кезектеги финансылык жылга жана болжолдуу мезгилге республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн артыкчылыктары жана бюджеттин орто мөөнөттүк болжолунун параметрлери менен байланыштырып, ресурстардын (кирешелердин) түшпөй калуусун жана айрым чыгымдардын аткарылбашын эске алуу менен түзүүнү;
- республикалык бюджеттен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бөлүнүүчү трансферттерди өз убагында каржылоону;
- бюджеттин орто мөөнөттүк долбоорунда мамлекеттик инвестициялардын программаларын пландоону;
2) төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырсын:
- калкты жылуулук энергиясы менен камсыздоого байланыштуу "Ош жылуулук менен жабдуу" муниципалдык ишканасынын компенсациялык сарптоолорун толук жана өз убагында субсидиялоону камсыздоо боюнча иш-чараларды;
- Кыргыз Республикасынын тышкы карызынын деңгээлин азайтуу боюнча кредитор өлкөлөр менен ишти;
3) төмөнкүдөй практиканы токтотсун:
- бюджеттин бекитилген параметрлерине түзөтүүлөрдү киргизүү, каржылоо булактарын аныктабай пландалбаган чыгымдарга кошумча каражаттарды бөлүүнү;
- карыздарды тейлөө үчүн кирешелерди жана пайдаларды көбөйтүүсүз, техникалык чыгашаларды азайтуусуз, чыгымдарды кыскартуусуз, түзүмүн өзгөртүүнүн бизнес-планын түзүүсүз жана берүүсүз, чарба жүргүзүүчү субъекттердин бюджетке төлөмдөрү боюнча карыздарын тындыруу үчүн бюджеттик ссудаларды берүүнү;
4) ижарачылар үчүн электр эсептегичтерин орнотуу менен электр энергиясы үчүн төлөмгө бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды райондук мамлекеттик администрациялардын үнөмдүү пайдалануусуна контролду күчөтсүн;
5) республикалык бюджеттен каржыланган объекттерди куруу жана реконструкциялоо тизмесине киргизиле турган өзгөртүүлөрдүн ачык-айкын механизмдерин белгилөөчү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын;
6) Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен 56,7 млн. (элүү алты миллион жети жүз миң) сом суммасында ашыкча каржыланган бюджеттик ассигнованиелерди эсептөө менен жана 94,8 млн. (токсон төрт миллион сегиз жүз миң) сом суммасында бюджеттин каржыланбай калган чыгымдарынын ордун толтуруу менен өз ара эсептешүүнү жүргүзсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги төмөнкүлөрдү камсыздасын:
1) саламаттык сактоо мекемелеринин бюджеттерин алардын кызматкерлеринин эмгек акысынын өлчөмү жогорулаганын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген каржылоо ченемдерине өзгөртүүлөрдү киргизилгенин эске алуу менен түзүүнү;
2) Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо мекемелери боюнча атайын каражаттардын сметасында бекитилген суммадан сырткары түшкөн 4,3 млн. (төрт миллион үч жүз миң) сом өлчөмүндө ашык түшкөн атайын каражаттарды республикалык бюджетке чегерүүнү.
5. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
1) төмөнкүлөрдү камсыздасын:
- билим берүү мекемелеринин бюджетин алардын кызматкерлеринин эмгек акысынын өлчөмү жогорулаганын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген каржылоо ченемдерине өзгөртүүлөр киргизилгенин эске алуу менен түзүүнү;
- казыналык системадан четтеп пайдаланылган 31,0 миң (отуз бир миң) сомду республикалык бюджетке чегерүүнү;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин мекемелеринин жайларын ижарага берүүдөн түшкөн каражаттардан 28,9 миң (жыйырма сегиз миң тогуз жүз) сомду республикалык бюджетке түшүрүүнү;
2) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана анын ведомстволук түзүмдөрү тарабынан максатка ылайык эмес пайдаланылган 120,0 миң (жүз жыйырма миң) сом өлчөмүндөгү атайын каражаттарды республикалык бюджетке кайтарып берүүнү.
6. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги казыналык системадан четтеп пайдаланылган 48,2 миң (кырк сегиз миң эки жүз) сомду республикалык бюджетке чегерүүнү камсыздасын.
7. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С. Дж. Исаков |