Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 27-октябры № 498-б
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасындагы бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-главасына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлчүлүгүнүн арызынын негизинде 2010-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № 5L6171834, кузовунун № JТЕBD9F J80K005576, ак түстөгү "Тойота Лендкрузер" маркасындагы автотранспорт каражатын мамлекеттин пайдасынан баш тартуу бажы жол-жобосуна жайгаштырсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын мамлекеттин менчигине кабыл алсын жана аны Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын белгиленген тартипте оперативдүү башкарууга кабыл алсын жана бааласын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| С. Дж. Исаков |