РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-октябрындагы № 497-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы «Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу» № IDAV106-KG долбоорун даярдоого аванс берүү жөнүндө макулдашуу катынын расмий тилде (расмий эмес котормо) долбоорун жактыруу жөнүндө) буйругу

Редакция27.10.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

 2017-жылдын 27-октябры № 497-б

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу" № IDAV106-KG долбоорун даярдоого аванс берүү жөнүндө макулдашуу катынын расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Премьер-министр

 

С. Дж.Исаков