Редакцияот 30.10.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

  2017-жылдын 30-октябры № 504-б

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы 1937-жылдын 29-августунда төрөлгөн, паспорту AN 2265227, МКК 50-02 тарабынан 2011-жылдын 28-мартында берилген, Кыргыз Республикасынын жараны Ташибекова Джамал Чуйбековнанын арызынын негизинде 1998-жылы чыгарылган, корпусунун № IHS24044, кыймылдаткычынын № 2203122369 "GOOD GO TF-240" маркасындагы спорттук балык уулоо кайыгын жана 1998-жылы чыгарылган, корпусунун № IHS28028, кыймылдаткычынын № 2204149470 "GOOD GO ТЕ-280" маркасындагы спорттук балык уулоо кайыгын мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы жол-жобосуна белгиленген тартипте жайгаштырсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул буйруктун 1-пунктунда аталган спорттук балык уулоо кайыктарын мамлекеттин менчигине белгиленген тартипте кабыл алсын жана аларды Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын алдындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин № 2 мамлекеттик резиденциясы" мамлекеттик мекемесинин оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын алдындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин № 2 мамлекеттик резиденциясы" мамлекеттик мекемеси тарабынан ушул буйруктун 1-пунктунда аталган спорттук балык уулоо кайыктарын оперативдүү башкарууга кабыл алууну жана алардын наркын белгиленген тартипте баалоону камсыз кылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция ушул буйруктун 1-пунктунда аталган спорттук балык уулоо кайыктарын белгиленген тартипте каттасын.

5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

 

С Дж. Исаков