КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 8-ноябры № 514-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-майындагы № 309 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун реформалоонун "Ден соолук" улуттук программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасын реформалоо боюнча иш-чараларды андан ары ишке ашыруу максатында "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. Бишкек шаарында 2013-жылдын 16-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (кредит № 5235-КG, Грант № Н 839-КG) ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Саламаттык сактоо жана социалдык коргоонун экинчи долбоору) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы/Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (Дүйнөлүк банктын) ортосундагы Макулдашуу каттын расмий тилдеги тиркелген долбоору (расмий эмес котормо) жана Бишкек шаарында 2014-жылдын 28-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Грант № ТF 015135) ортосундагы Гранттык макулдашуу (Саламаттык сактоонун жана социалдык коргоонун экинчи долбоору) жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине ушул буйруктун 1-пунктунда аталган Макулдашуу каттын долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| С. Дж. Исаков |