Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 14-ноябры № 523-б
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго - кырк кадам" программасынын алкагында, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкарууну өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен бирдикте 2018-жылдын 1-январына чейин салык кызматы органдары тарабынан мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруунун укуктук негизин караштыруучу ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
2. 2019-жылдын 1-январынан тартып, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу функциялары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы тарабынан ишке ашырылаары белгиленсин.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| С. Дж. Исаков |