Загрузка документа…
(КР Премьер-министринин 2017-жылдын 23-ноябры № 818 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2017-жылдын 2-октябры № 655
Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 9-январындагы № 2 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча комиссиянын курамына төмөнкүлөр киргизилсин:
Жумакадыров Темир Курмангазиевич | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Комиссиянын төрагасы; |
Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары, Комиссиянын мүчөсү; |
Байдылдаев Мурат Курманбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары, Комиссиянын мүчөсү; |
Жумалиев Каныбек Керимбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын начальниги, Комиссиянын мүчөсү; |
Мусабаев Акылбек Сүйүнтбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин контролдоону камсыз кылуу жана жумушту кабыл алуу бөлүмүнүн начальниги, Комиссиянын мүчөсү; |
- комиссиянын курамынан Разаков Ж.П., Баев Э.К. чыгарылсын.
Премьер-министр |
| С. Дж. Исаков |