Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2017-жылдын 28-июлу № 499
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ырдык айылынын түзүлгөндүгүнүн 140 жылдыгын майрамдоонун урматына, коомдук иштерге активдүү катышкандыгы, улуттар аралык тынчтыкты жана ынтымакты чындоого кошкон салымы үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан баалуу белек (энчилүү саат) менен төмөнкүлөр сыйлансын:
Алиев Абдрахман Юнусович | - Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы «Вивадент» стаматологиялык клиникасынын директору;
|
Мафкуев Шерба Шимезович | - Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ырдык айылдык кеңешинин төрагасы.
|
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан алкыш жарыялансын:
Юсупова Зебер Харсановнага
| Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ырдык айылынын Юсуф-Хазрет атындагы орто мектептин директору.
|
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |