Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 19-апрели № 122-б
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстандын түштүгү боюнча Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети менен бирдикте «Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскердик соода башкармалыгы» мамлекеттик ишканасынын Ош шаары, Ленин көчөсү 231 дареги боюнча жайгашкан административдик имаратын жана курулмаларды Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстандын түштүгү боюнча Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө административдик имарат жана Кабыл алуу үйүн куруу үчүн оперативдүү башкаруу укугунда белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ушул буйруктун 1 -пункттунда аталган административдик имаратты жана курулмаларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каттасын.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |