Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 10-майы № 145-б
Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын суу менен камсыз кылуу системасын өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. Төмөнкү расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелгендер жактырылсын:
- Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Балыкчы шаарындагы суу менен камсыз кылуу системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашуунун долбоору;
- "Балыкчы шаарындагы суу менен камсыз кылуу системасын реабилитациялоо" долбоору үчүн берилүүчү Европа бирлигинин инвестициялык грантына карата Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуунун долбоору.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине ушул буйруктун 1-пунктунда аталган макулдашууларга принциптүү эмес мүнөздөгү оңдоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |