Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 10-майы № 147-б
Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарынын суу менен камсыз кылуу системасын өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. Төмөнкү расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелгендер жактырылсын:
- Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Токтогул шаарындагы суу менен камсыз кылуу системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашуунун долбоору;
- "Токтогул шаарындагы суу менен камсыз кылуу системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча берилүүчү Европа бирлигинин инвестициялык грантына карата Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуунун долбоору.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине ушул буйруктун 1-пунктунда аталган макулдашууларга принциптүү эмес мүнөздөгү оңдоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |