Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 6-декабры № 551-б
"Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүңдө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразия экономикалык бирлигине кошулуу процессинин алкагында Кыргыз Республикасына техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууга ылайык Россия Федерациясы берген кулакка тагуучу бирканы республикадагы ири мүйүздүү малдын ээлерине сатууда бир жуптун баасы 38 (отуз сегиз) сом болуп белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- жаныбарларды идентификациялоо боюнча иштерди жүргүзүүнүн алкагында кулакка тагуучу биркаларды сатуудан түшкөн каражаттарды өзүнчө эсепке алууну камсыздасын;
- кулакка тагуучу биркаларды сатуудан түшкөн каражаттарды жаныбарларды идентификациялоо боюнча иштерди үзгүлтүксүз каржылоо үчүн топтоштурсун.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| С. Дж.Исаков |