КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 12-декабры № 564-б
Кыргыз Республикасынын айрым аймактарын жылуулук менен камсыздоонун натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуунун (Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу долбоору) расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| С. Дж. Исаков |